Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Бишкек, Ош, Токмок шаарларында кайра шайлоо 11-июлда болот


Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо 11-июлда өтөт. Президент Садыр Жапаров жаңы шайлоо дайындаганы расмий кабарланды.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Жогоруда аталган үч шаарда добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш берүү жокко чыгарылгандан кийин президент 30 күн ичинде кайра шайлоону дайындап, 40 күн аралыгында датасы аныкталууга тийиш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG