Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Кыргызстандык жаран Казакстанда ири өлчөмдөгү маңзат менен кармалды


Маңзат ташып бара жатканы айтылган жүк ташуучу унаа.
Маңзат ташып бара жатканы айтылган жүк ташуучу унаа.

Казакстандын Орусия менен чектеш "Сырым" чек ара өткөрмө бекетинде "Renault Magnum" унаасын айдап, Орусияга өтүп бара жаткан кыргызстандык жарандын машинесинен жалпы салмагы 135 килограммдан ашуун бозомтук түстөгү желим баштыктарга салынган жүк кармалды.

Бул тууралуу Казакстандын мамлекеттик коопсуздук кызматы 28-майда расмий билдирүү таратты.

Кармалган жүктү Батыш Казакстан облусунун ички иштер органдарына андан ары иликтөө үчүн өткөрүп беришти.

Экспертиза жүктүн 39 килограмм 341 граммы героин, 96 килограмм 151 граммы гашиш экенин аныктаган.

Маңзат ташып бара жаткан жарандын шектүү жүгүн чек арадагы атайын кызматтын "Леди" аттуу ити таап чыккан.

"Сырым" чек ара өткөрмө бекети Батыш Казакстан облусунун Орусия менен чектешкен жеринде жайгашкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG