Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Казакстанда толук эмделгендердин саны миллиондон ашты


Алматыдагы соода борборлордун биринде ачылган эмдөө борборунда коронавируска каршы вакцина алып жаткан жаран. 27-апрель, 2021-жыл.
Алматыдагы соода борборлордун биринде ачылган эмдөө борборунда коронавируска каршы вакцина алып жаткан жаран. 27-апрель, 2021-жыл.

Казакстанда коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын алгандардын саны 1 миллиондон ашты. Ал эми бир дозасын 2 миллиондон көп киши сайдырганы расмий маалымдалды.

19 миллион калкы бар кошуна мамлекетте коронавируска каршы эмдөө февраль айында башталган. Карагандыда өндүрүлгөн орусиялык «Спутник V» вакцинасынан башка, Кытайдын "Sinopharm" жана жергиликтүү "QazVac" вакциналары колдонулуп жатат.

Ушул апта башынан тартып Казакстанда коронавирус жугузуп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү 1,5–1,8 миңге чейин жетүүдө.

Буга чейин Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой өлкөдө илдетке кабылгандардын саны төмөндөп, «эпидемиологиялык кырдаал акырындап өз нугуна түшүп баратканын» билдирген.

Дүйнөдө коронавируска кабылгандардын саны 168,7 миллиондон ашып, 3,5 миллиондон киши көз жумду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG