Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

Кыргызстан Кытайдан 150 миң, Орусиядан 80 миң доза вакцина күтүүдө


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанга жакын арада коронавируска каршы Кытайдан чыккан "Sinopharm" вакцинасынын 150 миң, Орусиядан "Sputnik-V" вакцинасынын 80 миң дозасы келерин Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова 26-майда "Азаттык" радиосуна билдирди.

Буга чейин Кыргызстан "Sinopharm" вакцинасынын 150 миң доза алган. "Sputnik-V" вакцинасынан 40 миң доза келген. Бул вакциналар бир кишиге эки жолу сайылат.

Кыргызстанда орустардын вакцинасы 65 жаштан улуу жана өнөкөт оорусу барларга, Кытайдыкы каалоочулардын баарына сайылууда.

Жалпысынан өлкө боюнча 80 минден ашуун эмделди.

Июнда COVAX программасынын алкагында британдар менен шведдер чыгарган "AstraZeneca" вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасы келери айтылган.

Кыргызстанда коронавирус катталгандан бери расмий эсеп боюнча 103 миңден ашуун адам аны жугузуп алды. Алардын 1800дөйү каза болуп, 97 миңдейи айыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG