Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Депутат Пирматов мандатын тапшырды, ордуна Мурашев келет


Нурбек Мурашев жана Исхак Пирматов

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов ("Бир Бол") мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазды. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-майдагы отурумунда Пирматовдун арызын карайт.

"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов мандатын тапшырган Исхак Пирматовдун ордуна мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев депутат болуп келерин билдирди.

Сулаймановдун айтуусунда, Исхак Пирматов партиянын шайлоо астындагы ички келишимине ылайык мандатын өткөрүп берген.

Нурбек Мурашев Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2016-2019-жылдары айыл чарба министри болуп иштеген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG