Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 22 жыл болду


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кыргыз аскери. 2-май, 2021-жыл.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кыргыз аскери. 2-май, 2021-жыл.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 22 жыл толду. Мекеме 1999-жылдын 28-майында президенттин жарлыгы менен негизделген.

Бул дата чек арачылар үчүн майрамдык күн деп саналат, буга байланыштуу өлкө жетекчилиги куттуктоо жолдоп, бир катар кызматкерлерге ар кандай даражадагы мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды.

2002-жылга чейин Чек ара кызматынын курамына Коргоо министрлигинин Чек ара кызматынын башкы башкармалыгы жана Улуттук коопсуздук кызматынын башкы чек ара көзөмөл башкармалыгы кирген.

Андан соң бир канча жолу өз алдынча орган, Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы мекеме болуп өзгөргөн.

2020-жылдын аягында кайрадан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына киргизилди.

Кыргызстан төрт мамлекет - Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Алардын арасынан Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара аягына чейин такталып бүткөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG