Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Бишкектин мурдагы вице-мэрине сот өкүмү чыкты


Азизбек Алымкулов жана Азиз Суракматов. 2020-жыл
Азизбек Алымкулов жана Азиз Суракматов. 2020-жыл

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту борбор калаанын мурдагы вице-мэри Азизбек Алымкуловго өкүм чыгарды. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди.

Алымкулов күнөөсүн толук мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга барган. Ал соттук териштирүүсү жок айыппул салууну өтүнгөн.

"Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылып, 2600 (эки миң алты жүз) эсептик көрсөткүч, башкача айтканда мамлекеттин пайдасына 260 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу түрүндөгү жаза берилди", - деп айтылат Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы тараткан маалыматта.

Азизбек Алымкулов Бишкек шаарынын вице-мэри болуп 2019-жылдын февралынан 2021-жылдын февралына чейин иштеген.

Аскер прокуратурасы март айынын аягында Бишкек шаарындагы кымбат жер тилкелерин берүү боюнча "Мыйзамсыз баюу" жана "Коррупция" беренелери менен тергелип жаткан иштин алкагында Азизбек Алымкулов жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин райондордун биринин башкармалыгынын башчысын кармаган.

Башкы прокуратура "шектүү катары кармалгандар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып мэриянын жооптуу кызматкерлерине басым аркылуу мыйзамсыз жер тилкелерин жең ичинен сүйлөшүп алгандарга каттаткан" деп айыптаган. (МТа)

XS
SM
MD
LG