Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:26

Криптомайнинг: тыюу жок, иштеткенге да болбойт


Бишкекте аныкталган майнинг-фермалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда электр энергиясын мыйзамсыз алып иштеп жаткан майнинг-фермалардын жаңы партиясы аныкталды. Электрондук акча өндүргөн компанияларга өлкөдө тыюу салынган эмес, бирок электрдин аздыгынан аларга ток берилбей келет.

Натыйжада алардын көбү энергияны уурдап алууга аргасыз. Ошол эле кезде менчик гидроэлектрстанциялар менен иштешип жаткандары да бар.

Текшерүүчү, берүүчү жана иштетүүчү

Майнинг-фермаларга байланыштуу мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана иликтөө иштерин бул жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жүргүзүп жатат. Мекеме электр тармактарына ири зыян келтирген компанияларды Ош облусунда алгачкы ирет аныктады.

Атайын кызматтын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева “Азаттыкка” мындайча маалымат берди:

Назгүл Кыдыралиева
Назгүл Кыдыралиева

“Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Кожокелең айылынан майнинг-ферманын ишмердүүлүгү аныкталды. Бул факт Жазык кодексинин 209-беренесинин (“Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу менен мүлктүк залал келтирүү”) 3-бөлүмү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүшкө катталды. Кылмыш иштин алкагында майнинг иштерин уюштуруу үчүн 650гө жакын жабдуулар табылып алынды. Азыркы учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоо иш-чаралары улантылууда. Тергөө иштери жүрүп жатат”,- деди ал.

УКМК ушундай эле фактылардын узун тизмегин май айында аныктаган. Тагыраагы, анда алты ферма аныкталган. Алардын бешөө Бишкек шаарынан, бирөө Чүй облусунун Ысык-Ата районунан табылган. Июндун башында Ысык-Көл облусунан бир компанияны жапкан. Бул кылмыш иштеринин алкагында төрт миңге жакын жабдуу алынган.

Кыргызстанда майнинг-фермалар кайсы жылдан тартып иштеп баштаганы белгисиз. Айрым маалыматтарда алар 2013-2014-жылдары ачылганы айтылат. Мамлекеттик органдар алгач алардын иштешине маани бербей келсе, фермалар электр энергиясын өтө көп колдонору аныкталгандан кийин күрөш башталган.

2019-жылы “Улуттук энергохолдинг компаниясы” Кыргызстанда 45 майнинг компания аныкталганын кабарлап, алар менен келишимди расмий үзгөн. Натыйжада, компаниялар көбү жабылып калган же башка өлкөлөргө чыгып кетишкен. Бирок айрымдары көмүскө же мыйзамсыз иштөөгө өткөн.

Мурдагы жылдары мыйзамсыз майнинг-фермалар менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы же Финансы полициясы күрөшчү. Мекеме 2020-жылы эле он чакты фактыны аныктаганын расмий кабарлаган. Бул орган быйыл жыл башында жоюлуп кеткенден кийин милдет атайын кызматка өткөн сыяктуу.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өкүлү Азамат Курамаев буларды билдирди:

Азамат Курамаев
Азамат Курамаев

“Энергетика тармагындагы мамлекеттик компаниялар менен келишим түзүүдө электрди пайдалануу эрежелери жана техникалык шарттары бар. Анда абонент электрди эмне максатта колдонорун көрсөтүшү керек. Ал максаттан тышкары колдонсо, бизге электр энергиясын үзүп салууга мыйзам уруксат берет. Бирок бизде “Улуттук энерго холдинг” компаниясында “Дата борборлор менен майнинг-фермаларга электр берилбесин” деген буйрук бар. Бирок бирөө бышкан кыш чыгарган заводго техникалык шарт алат дагы, ошонун ичинде майнинг-фермага иштетип кирет. Укук коргоо органдары ошого аларды кармап жатышат. Биз электр энергиясынын тартыштыгынан улам майнинг-компанияларга бере албай жатабыз. Эгерде келечекте бизде энергиянын кубаттуулугу көбүрөөк болгон учурда аларга уруксат бергенге аракет кылабыз”.

“Майнинг-ферма” бул – электрондук акча же криптовалюта өндүргөн компаниялар, аларды иштеткендер “майнерлер” деп аталат. Алар көптөгөн компьютерлердин жана серверлердин жардамы менен иштейт. Майнинг цехтери өз ишмердүүлүгүндө электр энергиясын өтө көп колдонот жана токту суткасына 24 саат, жыл бою үзгүлтүксүз алып турушу керек.

Азырынча Кыргызстанда алардын ишмердүүлүгүн тескеген атайын мыйзам жок. Бирок тыюу да салынган эмес.

Мындай караганда, кыргыз өкмөтү өзү 2020-жылы электрондук валюта өндүргөн компанияларга салык киргизүү демилгесин көтөрүп чыккан. Парламент Салык кодексине толуктоолорду киргизген жана андагы бир бап (61-бап - глава) толугу менен ушул өндүрүшкө арналган.

Мыйзам дароо күчүнө кирген да, былтыркы жылдын 1-августунан тартып атайын салык иштей баштаган. Ага ылайык, майнерлер иштеткен электрдин наркынын 15% салык катары бюджетке төгүшү керек эле.

Бул иш жүзүндө майнинг-фермаларга уруксат берүү деп кабылданган. Кайра эле электр энергиясынын дефицити алардын иштешине мүмкүнчүлүк ачпай келе жатат.

Блокчейн жана санариптик индустрия боюнча Борбор Азия ассоциациясынын президенти Тариэл Искаков мындай деди:

Тариэл Искаков
Тариэл Искаков

“Майнинг өндүрүшү боюнча тарифтер бекитилген. Бирок бул жылдары электр энергиясы тартыш болуп жатпайбы. Ошондуктан майнерлерге чектөө киргизип коюшкан. Майнинг энергияны өтө көп керектейт да, 10-15 ферма эле бир облустун калкы пайдалангандан көп токту коротуп коюушу мүмкүн. Биз эми бул жагдайды түшүнүү менен эле карап турабыз, башка айла жок да. Мурда иштеп келгендердин көбү жумушун токтотуп коюшкан, айрымдары көмүскөгө кирип кетишти. Укук коргоо органдары ошолорду кармап жатышат. Легалдаштырып иштетсек болмок, өкмөт ыгын таба албай жатса, биз кайда барабыз?”.

Кыргызстан жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Кайра эле ушунча же андан көбүрөөк ток пайдаланат, жетпегенин сырттан импорттойт.

2021-жылы электр энергиясынын таңкыстыгы 3 млрд. кВт саат деп эсептелди. Ошол себептүү кыргыз өкмөтү быйыл Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт\саат ток алып жатат. Аны Бишкек үч жылдын ичинде бөлүп-бөлүп, кайра электр энергиясы менен кутулууну пландоодо.

Мунун баарына жаратылыштагы суунун азаюу циклинен улам өлкөдөгү суу сактагычтарда көлөмдүн кыскарып кеткени себеп болгон. Мамлекетти электр менен камсыздаган эң башкы – “Токтогул” гидроэлектр станциясынын (ГЭС) кампасында суу кышта 8,5 млрд. кубга чейин түшкөн. Электрди импорттоо башталгандан кийин ал кайра жогорулап, 10,8 млрд. кубга жетип калды.

Буйтаган майнерлер, менчик ГЭСтер

Жогорудагы талдоодо майнинг-фермаларга Кыргызстанда тыюу салынбаганын, ага карабай кармалып, алардын ишине бөгөт коюлуп жатканын айтып өтпөдүкпү. Көрсө, бул парадокстун түйүнү алар электрди кимден алгандыгында гана экен.

Башкача айтканда, мамлекеттик компанияларга караштуу ГЭСтерден электр энергиясын алсаң “азырынча, мыйзамсыз”, менчик компаниялардын ГЭСтеринен алсаң “мыйзамдуу” болуп калып жатат. Жеке тараптар менен иштешүү бери дегенде мыйзамга каршы келбейт, анткени жалпы энергетикага, дефицитке зыяның жок.

Мына ушундай принципти карманган бир нече майнинг-ферма Ысык-Көлдүн Тоң районундагы “Көк-Сай” ГЭСинен жана "Коңур-Өлөң" ГЭСинен электр алып, иштеп жатышат.

“Көк-Сай” жана "Коңур-Өлөң" ГЭСтери.
“Көк-Сай” жана "Коңур-Өлөң" ГЭСтери.

Андагы майнерлердин өзүнөн комментарий ала алган жокпуз, аталган гидроэлектрстанцияларынын кожоюну, ишкер Рахатбек Ирсалиевден кыскача маалымат алдык:

“700-800 миллион сомдук инвестиция салып, эки ГЭС курсам, мамлекет менин продукциямды албай койбодубу. Алмак тургай эки жыл чөгөлөтүп, кайра 500 миң долларга банктын үстөк пайызына кириптер кылды. Аргасыздан майнинг компаниялар менен сүйлөшкөм. Азыр бүт өндүргөн электр энергиямды ошолорго сатып жатам. Алар жабдууларын менин жаныма эле жайгаштырып алган, ошерден эле туташып иштей беришет. Тарифти өзүбүз келишип алганбыз, суммасы коммерциялык сыр. Мыйзамда эки тарап өзү каалагандай келишип алат деп жазылган. Кыскасы, мен кимге болсо да сатып, банктын насыяларынан кутулушум керек, ошого башка айлам жок. Мен билгенден Чүйдө, Сосновкада “Калинин” деген ГЭС дагы майнинг-фермалар менен иштеп жатат, башкаларынан кабарым жок”, - деди ал.

Демек, Кыргызстандагы майнинг-компаниялардын электрдин тартыштыгынан жана мамлекеттик органдардын тоскоолдугунан буйтаган жолу бар экенин түшүнгөндөй болдук.

Бирок муну менен маселе чечилбейт жана көйгөй андан ары тереңдейт. Себеби, Кыргызстанда мамлекеттик чакан ГЭСтерди кошпогондо, менчик чакан ГЭСтер саналуу эле.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинен Кыргызстанда канча менчик ГЭСтери бар экенин расмий тактай алган жокпуз. Ишкерлердин санагында ушул эле Ирсалиевдин жалпы үч станциясын кошкондо, өлкөдө ашып кетсе он чакты менчик чакан ГЭС бар экени маалым болду.

Бул тармактагы адистер түшүндүргөндөй, инвесторлор же жергиликтүү ишкерлер чакан ГЭСтерге көп эле каражат салышмак экен. Канча жылдан берки тоскоолдуктар жана шарттардын жоктугу ушуга алып келиптир.

Ишкер, экс-депутат Рахатбек Ирсалиев кайрадан кепке кошулду:

Рахатбек Ирсалиев
Рахатбек Ирсалиев

“Кыргызстанда жыл сайын калк өсүп, керектөө көбөйүп, электр энергиясынын дефицити жаралып жатпайбы. Мына ошону чечүү үчүн чакан ГЭСтерди куруш керек. Бирок ошого мамлекет өзү уруксат бербей жатпайбы. Ушул күнгө чейин менчик ГЭСтерге тарифтер коюла элек, электр энергиясы өндүрүлгөн учурда кепилдик берилген абалда сатып алабыз деген келишимдер даярдала элек, мыйзамдар жок. Энергиянын кайра жаралуу булактары деген мыйзамдын долбоорун мен жыл башында бергем, ордунан жылган жок. Министр кетти, ушул ишти алып барып жаткан дагы бир орун басары бар эле, аны да иштен алышыптыр”.

Мурдараак ондогон ишкерлер бул тармакта тиешелүү органдардан уруксат ала албай жүргөнүн даттанып чыгышкан эле. Анын ичинде Нарында, Чүйдө, Ошто жана Баткенде да арыздангандар бар эле.

Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу тармагында иш алып барган DATT Energy (ДАТТ Энерджи) жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Төлөнбек Жапаров да ушул өңүттөгү ойлору менен бөлүштү:

“Бизде 300-500 чакан ГЭС кура турган потенциал бар. Кеминде 100дү курса болот. Муну куруп койсо болот, болгону уруксат иштерин жеңилдетиш керек. Мына, Арменияда соңку беш жыл ичинде 100 чакан ГЭС курулду. Чакан ГЭС дегенди курууда көп машакат жок. Чоң плотина курулбайт, ашып кетсе 3 метрлик тосмо салынат. Анан алар бири-бирине тоскоол болбойт, катар-катар сала берсе болот. Азыр биздин фирманын өзүндө эле 11 долбоор даяр турат. Бирок өкмөт менен Энергетика министрлиги бизге кепилдик бербей жатат. Үч жыл иштеп, былтыр октябрда №525 токтомду кабыл алышкан. Толук иштелбей калыптыр деп, кайра артка кайтарышкан. Инвестиция салам деген, насыя берем деген фонддор, уюмдар, “өкмөттөн кепилдик алып келгиле, акча беребиз” дешкен. Анын үстүнө бир жагын бүтүрсөк экинчи жагы бүтпөй жатат. Айыл өкмөт менен сүйлөшсөң жайыт комитети калат, аны менен чечсең жерди каттоо мекемеси чечпейт. Ушундай тоскоолдуктар менен баары кармалып турат. Өкмөттө азыр электр энергиясы жок да. Эгер инвестиция салынса, чакан энергиянын үчтөн бирин майнингге бере берсе болот. Майнингди бизге алып келишибиз керек. Казакстан менен Орусия жүздөгөн-миңдеген киловаттык майнинг-фермаларды ишке салып коюшту. Биздеги майнинг компаниялардын баары ошолорго көчүп кеткенинин себеби ошондон”.

Биткоин өндүрүүчү жабдык.
Биткоин өндүрүүчү жабдык.

Арийне, майнинг боюнча биринчи орунда Кытай турат. Дүйнөдө өндүрүлгөн криптовалюталардын 70% ушул өлкөдө чыгарылары айтылат. Андан кийинки кезектерди АКШ жана Орусия баштаган өлкөлөр ээлейт. Кыргызстандын коңшусу Казакстан да электрондук валюта өндүрүшүндө бештикке кирди.

Казакстандын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин эсебинде, бул өлкөдө криптовалютаны жүгүртүү 200-300 млн. долларга жетти. 20га жакын ири компания бар, майда майнинг-фермалардын саны белгисиз.

Блокчейн жана санариптик индустрия боюнча Борбор Азия ассоциациясынын президенти Тариэл Искаковго кайрадан сөз берели:

“Казакстанда, Орусияда биринчиден электр энергиясы көп. Анткени илгери иштеген заводдор кыскаргандан улам, электр профицитке чыга баштаган. Анан ошол ашыкча кубаттуулукту алар майнерлерге берип жатышат. Мындан сырткары Казакстан көмүрдүн энергиясын пайдаланууда. Алар маселен бир түтүккө миң тонна көмүр жакса, анын бардык энергиясын пайдаланып жетишпейт, ошо ашканын майнинг-фермаларга берип коюшат. Ошонун жардамы менен Казакстан алдыңкы катарга чыгып алды. А бизде, Кыргызстанда болсо эми бул тармакты өрүш алышы кыйынга турат. Ошол эле чакан ГЭСтердин шарты мындай да, аларда жайда суу мол болот, азыр башка жакка сата албаса, анан майнинг-фермаларга берип жатат да. Күзүндө, кышында суу 50% тартыш болот. Ошондо электр энергиясы кыскарып кетсе, тиги фермалар көйгөйгө учурайт. Анткени алар энергияны жыл бою такыр үзбөй, бир калыпта алып турушу керек. Мамлекеттик энергосистемадан алайын десе, алар бербейт, дефицит. Ошондо көйгөй жаралат”.

Криптовалютаны көзөмөлдөө аракети

Ошентип, Кыргызстанда криптовалюта өндүрүү үзгүлтүккө учурап, ал жөнүндө мыйзам иштелбей жаткан мезгилде, криптовалютанын өзүн жүгүртүү тескелгени турат.

Улуттук банк 2020-жылдын 31-декабрында “Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө” жана “Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Биринчи мыйзам - кеп болуп жаткан электрондук акча боюнча жаңы документ, экинчиси Салык кодексине, Жарандык кодекске жана башка мыйзамдарга киргизилчү алымча-кошумчаларды камтыйт.

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын санарип жана финансы технологиялары боюнча бөлүмүнүн башчысы Айбек Султаналиев мыйзам долбоорунун соңку жагдайы жөнүндө маалымат берди:

Айбек Султаналиев
Айбек Султаналиев

“Учурда коомдук талкуунун мөөнөтү аяктады. Бул учурда келип түшкөн сунуштарды жана эскертмелерди биз кайра карап, иштеп чыгып бүттүк. Азыр эми биз аны ушул айдын аягына чейин Министрлер кабинетине жөнөтөбүз. Минкаб аны министрликтер жана башка органдар менен карап, талдап, макулдашуу өткөрөт. Анан андан кийин Жогорку Кеңешке киргизилет. Министрлер кабинети аны канча убакыт карап чыгат, ал бизден көз каранды эмес”.

Демек, жаңы кабыл алына турган мыйзамдарга ылайык, криптовалюталар рыногунун катышуучусу болуп үч тарап эсептелет. Алар криптовалюталарды түзгөн адамдар же майнингди (эмиссия) ишке ашырган адамдар, криптовалюталарды алмаштыруучу операторлор, криптовалюта алып-саткан же ага ээлик кылган жеке адамдар.

Жарандар кадимки улуттук валюта – сом менен криптовалюта сатып ала алышат. Бирок криптовалютаны төлөм каражаты катары пайдалана албай калат. Демек өлкө ичинде криптовалюта менен бир нерсе сатып алууга болбойт, кайсы бир кызмат үчүн акы катары колдонууга уруксат жок.

Арийне, криптовалютаны Кыргызстанда жайылтууну жактаган адистер жаңы мыйзамды кубаттап жатышат. Айрым бөлүктөрүн сынга алгандар да бар.

Бул жөнүндө дээрлик беш-алты жылдан бери маселе көтөрүп келе жаткан кыргызстандык программист Даниил Вартанов документти иштеп чыгууга өзү да сунуштарын берген. Мурдараак “Азаттыкка” берген комментарийинда ал буларга токтолгон эле:

Даниил Вартанов
Даниил Вартанов

“Мыйзам долбоору карама-каршы жагдайларга ээ. Бир жагынан – бул прогрессивдүү күчтөрдүн жеңиши, Кыргызстанда криптовалютаны алмаштырууну башка валюталар сыяктуу эле легалдаштырууга жетишип жатабыз. Экинчи жагынан – криптовалютаны төлөм каражаты катары легалдуу жүгүртүүгө түздөн-түз тыюу салынып жатат. Мындан да маанилүүсү - мыйзам тууралуу бүтүм чыгаруу азырынча эртелик кылат. Анткени ал толук кабыл алына элек, мурдараак мыйзамдар соңуна чыккыча салыштырмалуу терс жагына алымча-кошумчаланып кеткен калган учурлар болуп келген”, - деген Даниил Вартанов.

Криптовалюта – 2009-жылы криптографиялык коргонуу усулдарына негизделип пайда болгон санарип акча. Тагыраагы бул виртуалдык жүгүртүүдөгү акча бирдиги. Алгач анын 20-30дай гана түрү болсо, азыр 200дөн ашык экени айтылат. Эң популярдуусу – биткоин. Андан башка риппл (Ripple), эфириум (Ethereum), лайткоин (Litecoin) деген түрлөрү да көбүрөк таанымал.

Кийинки жылдары негизинен биткоиндин наркы көтөрүлгөнү белгилүү. Бир биткоиндин наркы 2020-жылдын башында 7 миң доллардын тегерегинде болсо, 2021-жылдын башында ал 33-35 миң долларга чейин жеткен. Учурда анын наркы 40 миң доллардын тегерегинде бааланууда.

Рынокто ушинтип өсүп-ылдыйлап турганы үчүн бул киреше табууну көздөгөн жарандарга кадимки эле акция сыяктуу же алтын сыяктуу кызыгуу жаратат.

Блокчейн жана санариптик индустрия боюнча Борбор Азия ассоциациясынын президенти Тариэл Искаковдун бул жөнүндөгү түшүндүрмөсүнө орун берели:

Криптовалютанын эң белгилүү түрү - биткоиндин (Bitcoin) эмблемасы.
Криптовалютанын эң белгилүү түрү - биткоиндин (Bitcoin) эмблемасы.

“Мисалга, сиз акчаңызды банкка депозитке салып, пайызы аз-аздан болсо да пайда тапсаңыз болот да, туурабы? Акчаңыз сакталып да турганы да артыкчылык. А бул криптовалютаны сатып алсаңыз да ошондой эле болот. Биткоин алып койсоңуз, каражатыңыз сакталып турат, кымбаттаса пайда табасыз. Маселе жок, арзандап кетиши да мүмкүн. Башкача айтканда, бул инвестициялык каражат, сиз тобокелге салып иш алып барасыз. Акция сатып алсаңыз деле ал кымбаттап кетет же түшүп кетет, алтын да ошондой. Ушуларды сатып алгандай эле иш да. Бирок негизи баа өсүп турат деген болжол бар. Анткени эмиссия деген бар, маселен биткоин дүйнөдө 21 млн. гана даана чыгарылат. Азыр 4-5 млн. нуска эле калды, андан ары ал чыгарылбайт. Башкача айтканда дефицит болот. Ал эми өкмөттөр кадимки акчаны жыл сайын чыгара берет да, керек болсо долларды да чыгара беришет. Ал инфляцияга алып келет. Ал эми криптовалюта алтын сыяктуу түгөнүп калат, аны андан ары чыгарганга болбойт. Мунун башка артыкчылыгы - аны сиз каалаган өлкөгө которуп коё аласыз, ал жактагы шеригиңиз криптовалютаны алып, сатып жиберип, акчаны ала берет. Жөнөкөй акча которсоңуз ага комиссия алышат, муну болсо жөн эле которуп коёсуз, ушундай артыкчылыктары бар дегендей. Дүйнөдө муну менен кадимки ресторанда тамак үчүн төлөөгө же буюм сатып алууга да мүмкүнчүлүк ачылган. Жалпы криптовалюта деп аталат, биткоин, риппл, эфириум, лайткоин дегендер анын түрү. Бардыгы эле акча, бирок доллар, евро, юань, рубль, теңге же сом деген түрлөргө бөлүнөт да, бул да ошол сыяктуу”.

Маалым болгондой, криптовалюта же виртуалдуу акча менен финансы операцияларын жүргүзүүнү Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өнөктөшү Беларус 2017-жылы толук мыйзамдаштырган. Минск ал тургай криптобиржа да ачкан, виртуалдык валютаны өндүрүү да жолго коюлган.

Орусияда болсо криптовалюта 2021-жылдын башынан тартып легалдашты. Бул багытта Кыргызстандын коңшуларында да жылыш бар.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG