Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Орусия жумушчу күчүн тартууга чартердик поезддерди колдонот


Поезддин ичиндеги киши
Поезддин ичиндеги киши

Быйыл июль айынын орто ченинде эмгек мигранттарын Орусияга жеткирүү боюнча чартердик поезддер жүрө башташы мүмкүн.

Москва мына ушундай жол менен жумушчу күчүнө болгон муктаждыгын чечүүнү көздөйт. “Коммерсант” басылмасы Орусиянын айыл чарба министрлиги менен “Темир жолдору” мамлекеттик компаниясы коңшулаш өлкөлөрдөн агро тармакта иштей ала турган жумушчуларды алып келүү үчүн ошентип макулдашканын жазды.

Орусиянын айыл чарба тармагындагы жумушчу күчүнө карата жетишпестикти чечүү үчүн быйылкы сезондук жумуштарга 38 миң эмгек мигрантын тартуу пландалууда.

Орусиянын айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча азыркы учурда эмгек мигранттары өлкөгө аба жолу аркылуу гана келе алат. Учак билетинин баасы 80 миң рублге чейин кымбаттап кеткен.

Ал эми темир жолу аркылуу чартердик поезддерди жалдап, Орусиянын айыл чарба тармагына жумушчу күчүн алып келиш үчүн ар бир эмгек мигранттынын жол киресинин эң чоң өлчөмү 12 миң рублден ашпайт.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Орусияда иштеп жүргөн мигранттардын басымдуу бөлүгү өлкөдөн чыгып кеткен. Андыктан Орусиянын эмгек рыногунда жумушчу күчүнө таңкыстык жаралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG