Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Ош: Тойканаларга иш-чара өткөрүүнү убактылуу токтотуу сунушталууда


Ош шаардык ооруканасы. Архивдик сүрөт.
Ош шаардык ооруканасы. Архивдик сүрөт.

Ош шаарында коронавирус боюнча абал курчуганына байланыштуу 1-июлдан тартып тойканаларда иш-чара өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу сунушу берилди. Бул тууралуу 18-июнда мэриядан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, азыр ресторандардын ээлери менен кийинки айга буюрутма албоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

8-июнда Ош шаары COVID-19 боюнча “кызыл зонага” киргизилген.

15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирди.

Жалпысынан 18-июнга карата өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын расмий саны 113 430 адамга жетти, алардын 1 920сы каза болду. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (DU)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG