Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Элет аялдарынын экономикалык укуктары талкууланды


Жыйындын катышуучулары.
Жыйындын катышуучулары.

Бишкекте 18-июнда элет жергесинде жашаган аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган жыйын өттү. Иш-чараны Бириккен Улуттар Уюмунун кыз-келиндер жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында иштеген төрт агенттиги кыргыз өкмөтү менен биргеликте уюштурду.

Жыйында айылда жашап, ийгиликке жеткен аялдардын тажрыйбасы, алардын социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүүгө кошкон салымы, келечекке иш-максаттары, гендердик тең салмактуулукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Иш-чара алкагында айылдык ишкер айымдар өз колу менен жасаган буюмдардын, өндүргөн продукциянын көргөзмөсү уюштурулду.

Быйыл Кыргызстанда айыл кеңештерине шайлоо аялдарга 30 пайыздык квота берүү менен өткөрүлдү. Натыйжада айыл кеңештеринде аялдардын саны 9 пайыздан 38 пайызга өстү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG