Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:56

Казат Акматовдун 80 жылдыгына арналган конференция өттү


Казат Акматов.
Казат Акматов.

Бүгүн, 18-июнда, Жогорку Кеңештин имаратында Кыргыз эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Казат Акматовдун 80 жылдыгына арналган илимий-тажрыйбалык конференция өттү.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, конференцияга илимий чөйрө өкүлдөрү, “легендарлуу парламенттин” депутаттары, маркумдун туугандары катышты. Алар Акматовду жылуу эскерип, анын адабиятка кошкон зор салымы жана адамдык бийик сапаттары тууралуу сөз кылышты.

Эл жазуучусу, драматург, публицист, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Казат Акматов 1941-жылы Ысык-Көлдөгү Бостери айылында туулган, 2015-жылы 74 жаш курагында дүйнө салган. Чыгармачылык менен мамлекеттик ишти кошо ала жүргөн, кыргыз адабиятына баа жеткис салым кошкон залкар жазуучунун “Мезгил” романы советтик системага каршы чыгарма катары бааланып, Совет мезгилинде куугунтукка кабылган.

1990-1994-жылдары Акматов Жогорку Кеңештин "легендарлуу парламент" аталган алгачкы чакырылышынын депутаты, 1990-1993-жылдары "Кыргызстан" демократиялык дыймылынын (КДК) теңтөрагаларынын бири болгон.

Жазуучунун “Күндү айланган жылдар”, “Мезгил”, “Мунабия”, “Архат” романдарынын алды көптөгөн тилдерге которулуп, дүйнөлүк деңгээлде окурмандарын тапкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG