Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

19-июндун аба ырайы


Бишкек.
Бишкек.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 19-июнда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21;

Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкекте кечке жуук өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түндө 17…19 градус болсо, күндүз 33…35 градуска чейин ысыйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG