Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Алмамбет Салиев эки айга камакка алынды


Алмамбет Салиев.
Алмамбет Салиев.

Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасы аныкталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 16-августка чейин камакка алынды. Мындай чечимди 18-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Анын тарапташтары райондук соттун имаратынын алдына чогулуп, Алмамбет Салиевди үй камагына чыгарууну талап кылышты. Адвокат Жыргалбек Бабаев журналисттерге Салиев коюлган айыпты моюндабай турганын билдирди.

Атайын кызмат аны 16-июнда Жазык кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармаган.

УКМК Салиев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда артыкчылыктардан пайдаланып, соттордун ишине активдүү кийлигишкени, расмий кирешесине дал келбеген мүлктү сатып алганы аныкталганын маалымдаган.

Алмамбет Салиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын 11-декабрынан тартып 2020-жылдын октябрь айына чейин иштеген. Бул кызматта турганда анын дарегине "бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт" деген сын айтылып келген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG