Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Чүйдө мечиттегилерди курал менен коркуткан киши үй камагына чыгарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусундагы мечиттердин бирине куралчан кирип келип адамдарды коркуткан жаран үй камагына алынды.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 63 жаштагы жергиликтүү тургун 15-июнда мечитте сыйынып отургандарды травматикалык курал менен коркуткан. Күбөлөр ал мас экенин айтышкан.

Милиция шектүүнү кармаганда, жанынан травматикалык курал жана ок табылган. Анын үстүнөн Кылмыш кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон. Сот анын бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Айрым басылмалар ал адамдарды коркуткан учурда эки ирет ок атканын жазышты. Милиция окуянын чоо-жайы тууралуу кошумча маалымат бере элек. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG