Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:26

Өкмөт “токмок жечү балага” айланды


Парламентте бир нече депутат өлкөдөгү кургакчылык, кымбатчылык үчүн Министрлер кабинетин айыптап, анын төрагасын кызматтан кетирүүнү талап кылышты.

Улукбек Марипов да экономикалык жана башка кризистерди моюнга алып, зарыл болсо иштен кетүүгө даяр экенин билдирди.

Аткаруу бийлиги толук президенттин колуна өткөн системада кайра эле өкмөт тепкиге алынганы талкууга түштү.

Депутаттардын күтүүсүз чабуулу

Мына-мына каникулга тараганы жаткан Жогорку Кеңеш эс алуунун алдында кайрадан кызып, өлкөдөгү көйгөйлөрдү күн алыс талкууга алуусун күчөттү.

Депутаттар 17-июнда да айыл чарба, экономика жана каржы темаларын караган депутаттар аткаруу бийлигинин тиешелүү өкүлдөрүн сынга алды.

Жыйынга алгач Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов келген эмес. Ошондон улам эл өкүлдөр арасында анын дарегине дооматтар айтылды.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев муну парламентти тоготпоо аракети катары чечмелеп, ага ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрдү.

Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

“Депутаттар сүйлөсө, пресса аркылуу жооп берип койду. Ал биз менен түз сүйлөшпөй калды. Жаңы дайындалганда “эй, акимдер арыктарыңарды тазалагыла, мен күтүүсүз барып текшерем” деп чоң атанын сөзүн сүйлөгөн. Мына суу жок, жыйынтык жок. Трибунада туруп, Баткендеги Кайырма каналы жөнүндө туура эмес сүйлөп жиберип, кандай окуялар болуп кетти. Азык-түлүктүн баасы көтөрүлдү, башка да маселелер чыкты. Ошондуктан, азыр чакырсак келет, анан кайра эле кетет. Биз жыйынтык чыгарабыз десек, карап чечим кабыл алышыбыз керек. Ишеним көрсөтпөө вотумун кабыл алышыбыз керек же “ишин так аткара алган жок” деген чечим чыгарышыбыз шарт”.

Ушундай эле жүйө менен чыккан бир нече депутаттын арасында Бактыбек Райымкулов да кепке аралашып, Министрлер кабинетин өлкөдөгү соңку көйгөйлөргө айыптады. Анын ичинде сугатчылыктын үзгүлтүккө учурашы жана кымбатчылык үчүн Министрлер кабинетинин төрагасын жеке айыптады.

Бактыбек Райымкулов
Бактыбек Райымкулов

“Мен жыл башында суу быйыл эң көйгөйлүү маселе болот деп айткам. Чоң Чүй каналына кошумча каналдарды курганга акча бөлүп бергиле деп эскерткенбиз. Марипов тиги Панфиловго барып өзүнүн пиар кылбай, кабинетте олтуруп, бөлүштүрүп койгонго мүмкүнчүлүк бар болчу да. Бүгүн ушул жерге чакырып, айтып бергиле десек, кабинетинен чыкпай, келбей жатат. Эгерде анын тажрыйбасы жетпесе, маселени ордунан чечпесе, эмне олтурат ал жерде? Бүгүнкү күндө эл кыйналып жатат”.

Мындай сын пикирлерден кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жыйынга келди. Ал учурда сугат суудан тышкары азык-түлүк коопсуздугу, кышка даярдык, электр энергиясынын тарифтери боюнча талкуулана турган маселелер бар экенин айтты.

Сугат суу боюнча абал оор экенин белгилеп, көйгөйдү чечүү багытында иш жасалганына карабастан, маселе бар экенине токтолду.

“Коркунуч бар. Муну биз жашырбай айтып жатабыз. Мына 750 миң тонна керектесек, анын 40-50% импорт. 105 миң тонна шекер колдонсок, анын 50 миң тоннасын өзүбүз өндүрөбүз, калганын сырттан алабыз. Кызылча аянттарын көбөйтүп жибердик эле, бирок суу жетишсиздигинен бул аягына чыкпай калат, аны жашырбайбыз. Биздин максат - комплекстүү чечимдерди алышыбыз керек. Албетте, айыл чарбасы пайда бербейт, дотацияда турат. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен да ушундай сүйлөшүү болду, инвесторлорду азык-түлүк коопсуздугу маселесине бурушубуз керек. Кышка запастарды азыр камдап жатабыз”.

Марипов ошондой эле, “ишеним көрсөтпөө” чечими кабыл алынса, иштен токтоосуз түрдө кетүүгө даяр экенин да кошумчалады.

“Эгерде маселе менде болсо, азыр кеткенге даярмын. Мен деле жыргап, рахат алып иштеп жаткан жокмун. Кыйынчылык болуп жатат, уктабай иштеп атабыз. Президентибиз Кумтөрдөн баштап бардык маселени коюп жатат. Биз аракет кылып жатабыз. Пара алып же бирөөлөрдү жумушка коюп олтурган жокпуз. Биз кеткенден кийин артыбызда бир иш калса экен деген максатым бар. Тарбиям да ошондой. Эмоцияга алдырсам, кечирип коюңуздар, эгер чечим кабыл алсаңыздар бир секунд да турбайм. Бирок ошол эле мезгилде мен жоопкерчилик алганга даярмын. Ошону үчүн келгем бул кызматка, болбосо башында эле айтмакмын. Туура эле айтып жатасыздар, бизге туура эле асылып жатасыздар, бизде күнөө бар. Капиталдык салымдарды суранып жатасыздар, чече албай жатам, бюджетти каягына жеткирейин. Суу жетпей жатат. Эми ушул маселелерди чогуу чечип чыгабыз, бири-бирибизди чукугандан чечилбейт. Өкмөттү ар алты айда алмаштыргандан эч нерсе чечилбейт”, - деди Улукбек Марипов.

Буга улай Министрлер кабинетинин төрагасы эл өкүлдөрү арасында өз кадрларын ар кайсы кызматка коюп берүүнү өтүнгөндөр көп болуп жатканын, ал аткарылбай калса сындоого өтүп алышканын билдирди. “Кимдер суранды?” деп депутаттар такып сураганда, Марипов эл өкүлү Бактыбек Райымкулов суранганын айтты. Анын артынан эле Райымкулов чыгып кадр боюнча жөн гана сунуш бергенин белгилеп, “Министрлер кабинетинин төрагасы кызматтан кетиши керек” деди.

Ошентсе да бул күнкү сессия соңунда депутаттар кандайдыр бир жыйынтыктоочу документ кабыл алышкан жок. Эл өкүлдөрү сын пикирлерди эске алууга чакырышып, Мариповго ийгилик каалашты. Ал “аракет кылам” деп жооп кайтарып, чыгып кетти.

“Жоопкерчиликти президент алышы керек эле”

Жогорку Кеңеш мамлекет башчы Садыр Жапаровдун сунушу менен Улукбек Мариповду премьер-министрлик кызматка быйыл 3-февралда бекиткен.

Кийин Конституциялык референдумдун жыйынтыгында өлкө толук президенттик башкарууга өткөндө, 5-июнда өкмөт Министрлер кабинети болуп кайра түзүлгөн. Марипов анын төрагасы катары кайра бекиген.

Садыр Жапаров жана Улукбек Марипов
Садыр Жапаров жана Улукбек Марипов

Бирок саясатчылар аткарылган жана аткарылбаган иштер үчүн мурда жалаң өкмөт башчылар тепкиге калып келсе, дагы деле ошондой абал түзүлүп калганын белгилешет.

Депутат Дастан Бекешев кесиптештеринин аракеттерине сереп салды.

Депутаттар президентти сындай албайт, аны түшүнүп турасыз да. Сындаса түрмөдө олтурат да, биздин “эрежебиз” ошондой болуп калганы жашыруун эмес. Ошого Министрлер кабинетинин төрагасын сындап жатышат. Бул адатка айланып калган, парламент эски эле система менен иштейт. Чындыгында жаңы Конституция боюнча өлкөдөгү кырдаалга, саясий-экономикалык маселелердин баарына президент жооп бериш керек. Бирок азырынча президентке таасир эте турган механизмдер жок, ал парламентке келбей коё берет. Менимче жетинчи-сегизинчи чакырылыштардын баарында эле ушул боюнча калат, мурунку премьер-министрлердей эле МинКабдын төрагасы жооп берип кала берет. Бирок ал жоопкерчиликти албайт, анткени аткаруу бийлигин жетектебейт. Ошону үчүн жаңы Баш мыйзамда Министрлер кабинетинин төрагасы деген кызматты жоюп, президент жылына бир жолу парламентке отчёт берип тура тургандай кылыш керек эле”.

Садыр Жапаров 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин абактан чыгып, өкмөт башчылыкка келген учурда Конституцияны жаңылоону сунуштаган. Ал премьер-министр кызматын жоюп, бардык бийликти президентке берүү керектигин айткан. Натыйжада, парламент Баш мыйзамдын жаңы редакциясын алып чыккан.

Сын пикирлерден улам алгач быйыл 10-январда башкаруу формасын тандаган элдик добуш берүү өткөн. 11-апрелдеги референдумда көпчүлүк добуш менен жаңы Конституция кабыл алынган.

Жаңыдан ишке кирген Баш мыйзамга ылайык, мурдагы өкмөттүн аппараты менен президенттин аппараты бириктирилип, президенттик администрация түзүлгөн. Министрлер кабинети анын курамында, түз президент Садыр Жапаровго баш ийет.

Саясий талдоочу Руслан Акматбек сөзүнө орун берели:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Биз АКШнын мисалында өкмөт башчы деген кызматты жоюп, өлкөнү президент гана башкарат деген нерсеге өткөнбүз. Эл, коомчулук, баары ушул идеяны колдоп, эки жолу референдумду жактап добуш берди. Азыр болсо эч нерсе өзгөрбөгөнүн көрүп жатабыз. Болбосо азыр президент өзү алдыга чыгып, ар бир көйгөйгө өзү жооп берип, реформатор катары иштерди алып барышы керек эле. Президент көйгөйдү чече албаса дагы эл түшүнүп, аракет кылып жатат деп колдоп турмак. Садыр Жапаров болсо мурдагы президенттердей эле Министрлер кабинетинин артына туруп алып, Англиянын канышасындай, аксакал образ күтүп алганы түшүнүктүү болуп калды. Жакшы иш болсо президенттин аты чыгып, жаман иш болсо Министрлер кабинети сынга алынып жатат. Парламент ошону үчүн кайра эле Мариповду сындап жатат, жок, анын артында президент турат, азыр бардык аткаруу бийлигине Садыр Жапаров жооп берет. Эгер иш начар кетип жатса, демек ошол кишинин жоопкерчилиги каралышы керек, депутаттар ошол кишини сындашсын”.

Кыргызстандын отуз жылдык тарыхында жыйырмадан ашык өкмөт башчы болсо, алардын көбү кыска убакыт гана иштеген. Буга ар кандай саясий-экономикалык жагдайлардан улам аткаруу бийлиги жалпы сынга алынганы себеп болгон. Парламент депутаттары премьер-министрлерди айыпташып, бирок жалпы өкмөттү шашылыш алмаштырып жиберишчү.

Мындан улам талдоочулар өкмөттү орусчалап “мальчик для битья”, кыргызчалап “таяк жечү бала” деп атап алышкан. Илгери айрым коомдордо канзадалардын шоктугу үчүн аны коштоп жүргөн балдар сабалганы ушул терминди жараткан.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG