Жаңы өкмөткө үмүт жана талап
Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы түзүмүн жана курамын бекитти. Парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка 2016-жылдан бери Эсеп палатасын жетектеп келе жаткан Улукбек Мариповдун талапкерлигин сунуш кылган. Коомчулукта жаңы өкмөттүн курамы, азыркы кыйын кырдаалдан чыгаруу дарамети, даярдыгы жана ага 6-октябрдагы окуялардын активдүү катышуучуларынын кирбей калганы талкууланып жатат. Кыргызстан кандай премьерге жана өкмөткө муктаж? Жаңы өкмөт батыл реформаларга барып, азыркы кризисти жеңилдете алабы? Студиянын коноктору – мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев, Жогоку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев, айыл чарба министринин милдетин аткаруучу Тилек Токтогазиев, Жогорку Кенештин депутаты Аалы Карашев.
Чыгарылыштар
-
Май 22, 2023
Качкын президенттерди калк кечиреби?
-
Май 18, 2023
Борбор Азиянын Бээжин менен мамилеси кандай болот?
-
Апрель 27, 2023
“Азаттык”: Сот чечими, сөз эркиндигинин эртеңи
-
Апрель 19, 2023
Кемпир-Абад иши: Тергөө эмнеге создукту?