Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Коронавирус 870 кишиден аныкталды


Кыргызстанда 19-июнга карата 870 кишиден коронавирус аныкталды. Ооруп жаткандардын бешөө каза болду. Бул соңку айлардагы эң чоң көрсөткүч болуп калды.

Оору жуктуруп алгандардын аймактык көрсөткүчү:

  • Бишкек шаарында - 470.
  • Ош шаарында - 113;
  • Чүй облусунда - 100;
  • Жалал-Абад облусунда - 76;
  • Ош облусунда 74;
  • Ысык-Көл облусунда - 20;
  • Нарын облусунда - 10;
  • Талас облусунда - 7.
  • Баткен облусунда ооруга чалдыккандар аныкталган жок.

Өлкөдө бул ооруга кабылгандардын жалпы расмий саны 114 300гө жетти. Алардын 1925и каза болуп, 104 706сы сакайды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги ушул тушта өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну курчуганын билдирген. Ооруканалар толуп, күндүзгү стационарлар ачылууда. Өкмөт адамдарды эл көп чогулган жайларга барбоого чакырган.

Жарандарга Кытайдын жана Орусиянын вакциналары сайыла баштаган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG