Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Орусияда парашютчулар бараткан учак кулады


Архивдеги сүрөт. L-410 үлгүсүндөгү учак кабылган кырсык. 2017-жыл, 15-ноябрь, Орусия.
Архивдеги сүрөт. L-410 үлгүсүндөгү учак кабылган кырсык. 2017-жыл, 15-ноябрь, Орусия.

Орусиянын Кемерово облусунда L-410 үлгүсүндөгү учак кулады. Кырсык 19-июнда болду. Каза тапкандар жана жараат алгандар бар экени тууралуу Сибир авиация издөө-куткаруу борбору кабарлады.

"Известия" басылмасы эки инструктор менен эки учкуч курман болгонун жазды.

Эки кыймылдаткыч менен иштеген учактын бортунда 17 парашютчу жана эки учкуч болгон. Асманга көтөрүлгөндө мотор иштебей калган. Чукул конуп жатканда токойдогу дарактарга кулаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG