Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:31

"Акониттин бир эле ашыкча тамчысы жүрөктү токтотот"


«Медакадемиянын бюджети 1 млрд. сомго жетти»
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:15 0:00

«Медакадемиянын бюджети 1 млрд. сомго жетти»

Индира Кудайбергенова Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору болуп экинчи ирет шайланды. Ал "Азаттыкка" курган маегинде шайлоонун чоо-жайы, студенттердин митинги жана жамааттын колдоосу тууралуу айтып берди.

- Индира айым, бул жолу ректорду шайлоо жараянына бир күн калганда Билим берүү жана илим министрлиги аны токтотуу тууралуу буйрук чыгарганы белгилүү болду. Бул окуя окуу жайдын жамааты жана студенттеринин нааразылыгын жаратып, митингге чыгарды. Ошентип министрликтин буйругуна карабастан Медициналык академиянын окумуштуулар кеңеши шайлоону өткөрүп, сиз жеңдиңиз. Жамааттын жана студенттердин колдоосу сизге кандай таасир калтырды?

- Шайлоо өткөн күндү эстесем азыр да көзүмө жаш тегеренет. Менин феноменим эмнеде экенин билбейм, болгону менин эмгегимди эл түшүндү окшойт. Беш жыл мурда баштаган ишибизди улантып, Медакадемияны мындан ары да өнүктүрө аларыбызга алардын да көзү жетти го дейм.

Чынын айтсам, мындай колдоону күткөн эмесмин, өзүм да таң калдым. Шайлоодо добуштардын 95 пайызына ээ болгонумду көргөндө ыйлап жибериптирмин. Ошол эле учурда кубаныч менен катар бир түшүнүксүз абал жаралды. Шайлоонун легитимдүүлүгү белгисиз болуп турду. Анткени шайлоодо эл мени колдоп, добуш берип, өткөрүп койду. Аны тастыктоочу орган – бул Билим берүү жана илим министрлиги да. Ушундай эки анжы эмоцияда болдук окшойт.

- Сиз жамааттын, студенттердин колдоосун көрдүм деп жатасыз. Ошол эле учурда ички интригалар, талаш-тартыштар дагы болушу мүмкүн беле?

- Болсо керек, анткени адам деген идеалдуу болушу мүмкүн эмес, элдин баарына жагуу да кыйын. Жумушта да ар кандай талаш-тартыштар болот. Мен ар бир келген кишини угууга аракет кылам, колумдан келген жардамды да аябайм. Ар бир кафедранын демилгесин колдоого умтулам. Учурдан пайдаланып президентке ыраазычылык айткым келет. Биздеги окуяны ким аркылуу укканын билбейм, бирок, президентттин администрациясы аралашкандан кийин, маселе жарым саатта чечилди.

Мага президенттин администрациясынан чалып, «эмне болуп жатасыңар?» деп сурашты. Мен биздин шайлоо жокко чыгарылып жатканын айттым. Бирок шайлоону токтотууга эч кандай себеп жок эле, иш регламент боюнча жүрүп жаткан. 29-майда шайлоо өтө турган болсо, 28-майда аны токтотуу тууралуу буйрук чыгып жатпайбы. Эл да ушуга кыжырланды окшойт. Анткени мыйзам боюнча өтүп жаткан өнөктүктү бир күндө эле токтотуп коюуга аракеттеништи. Төрт талапкердин ар бири программа жазып, Медакадемияны өнүктүрүү жолун кафедралардагы шайлоочуларга айтып, кадимкидей эле шайлоо өнөктүгү жүргөн эле.

- Сиздин көз карашыңызда шайлоону жокко чыгарууга кимдер кызыкдар болду?

- Менин оюмча, өздөрү ректор болууну каалаган күчтөр же башка бир адамды ректор кылууну көздөгөндөр. Соңку шайлоого төрт талапкер жана 790го чукул шайлоочу катышты. Мен 95% пайыз добуш алдым. Калган талапкерлердин добушу 1,5% ашкан жок.

- Шайлоону токтотууга министр Алымкадыр Бейшеналиевдин дагы таасири болгону туурасында кеп-сөздөр айтылып, бирок ал муну дароо четке какты. Ал киши менен мамилеңиз кандай?

- Мен ага министр катары мамиле кылам. Мындан тышкары ал Медакадемиянын жалпы хирургия кафедрасынын профессору, мурдараак кафедра башчысы болчу. Жакшы хирург, ортодо башка мамилебиз жок, башка эч нерсе деле айта албайм. Анткени менден кичүү, хирургияга менден кийин келген. Мен карьерамды Улуттук госпиталда баштагам. Москвада окуп келгенден кийин Онкология институтунун башчысы болуп шайлангам. Анда да кыйынчылыктар болгон эле. Балким, мен реформатормун. Кайсы жерге барбайын, реформа кылууга аракеттенем. Бирок баары эле бул реформаларды колдой бербейт.

- Уу коргошундун тегерегиндеги абал тууралуу кабардар болсоңуз керек. Буга байланыштуу министрдин соңку кадамдарына кандай баа берет элеңиз?

- Онколог катары уу коргошундун залалдуу шишиктерди айыктыруу үчүн элдик медицинада колдонулуп жүргөнүн билем. Мисалы, бизге оорусу өтүшүп, акыркы стадияга жеткен бейтаптар кайрылат. Аларга биз эч кандай жардам бере албайбыз. Мына ушундай учурда алар уу коргошунду пайдаланышат. Бирок анын туура дозасы, схемасы болушу керек. Уу коргошундун бир эле ашыкча тамчысы жүрөктү токтотуп коёт. Мындан улам уу коргошун менен дарылагандар анын так дозасын, аны колдонуунун эрежелерин сакташы кажет.

Уу коргошунду изилдеген окумуштуулар да бар. Биздин министрликтин катасы - алдын ала изилдөө жүргүзүп, анын жыйынтыгын күтпөй, илимпоздордун корутундусу жок эле бул теорияны жарыялап алганында. Балким, буга чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянып, анан маалымат бергенде мынчалык ызы-чуу болмок эмес. Ошондой эле уу коргошунду эч кандай санитардык нормаларды сактабай эл алдында кайнаткан процессти элге жарыялоонун өзү туура эмес. Дүйнөдө дары-дармекти колдонууга чыгаруу алдында атайын эрежелер сакталат. Аларды эске алыш керек болчу, ошондо илимий жол сакталмак.

- Айрым булактар сиздин медицинага байланыштуу бизнесиңиз бар экенин жазып келишет. Бул туурасында өзүңүздөн уксак болобу?

- Ооба, бар. 15-20 жыл мурда башталган. Медакадемия менен клиникалык базалардын ортосунда көйгөй бар. Мен ал убакта онкология кафедрасынын башчысы, профессор элем. Биз Улуттук онкология борборунун аймагында иштечүбүз. Бирок операция жасоого, бейтаптарды дарылоого бизди киргизбей коюшчу. Мындан улам директор менен сүйлөшүп, ошол кезде бош турган имаратты алып, акча чогултуп, оңдоп-түзөп, керектүү техника, эмерек алып, «КафМедЦентр» деген клиника ачканбыз. Бул биздин кафедранын эмгеги. Бир нече убакыттан кийин Онкология борборундагы жеке менчик клиникалардын көбүн чыгара башташты. Биз азыр Бишкекте иштейбиз, бейтаптарды кабыл алабыз, операция жасайбыз, диагностика жүргүзөбүз. Клиника жеке меники эмес, бир нече түзүүчүсү бар.

- Медакадемияда ректорсуз, Улуттук онкология борборунда иштейсиз, мындан тышкары жеке клиникаңыз бар экен. Бул жоопкерчиликтүү иштердин бардыгына кантип жетишесиз?

- Бир күндө 24 саат бар. Эгер жумушту эртең менен саат 7:30да баштаса, баарына жетишүү мүмкүн. Эң негизгиси – каалоо керек. Жаңы ректор болгондо иш көп эле. Кагаз жазып, концепция түзүп, түнгө чейин жумушта калып калчубуз. Андан кийин эрте кете баштадык, кечки саат 8-9дарда. Эгер тойго же башка иш-чараларга чакыруу болуп калса, жумуштан эрте кетип калам. Эч кимди таарынтпаганга аракеттенем.

- Ректор болуп турган биринчи мөөнөтүңүздө кайсы иштерди жасап үлгүрбөй калдыңыз. Алдыда пландарыңыз менен бөлүшө кетесизби?

- Биз Медакадемиянын алдындагы клиникалык базаны түптөөгө жетишпей калдык. Бул окуу жайдын эң чоң көйгөйү. Биз студент кезде бардык клиникалар Мединституттун алдында болчу. Бейтаптарды кабыл алууга, аларды дарылоого тоскоолдуксуз кирип турчубуз. Советтер Cоюзу кулагандан кийин ар бир медициналык мекеме өз алдынча иштеп, биз клиникалык базасы жок калдык. Студенттер бейтаптарды, операцияларды, изилдөөлөрдү өз көзү менен көрбөсө кантип медик болмок эле? Бизге практика керек!

Буга чейин Улуттук госпиталь, Диагностикалык борбор Медакадемияга бериле турганы айтылып келген. Бирок бул сөздөр ишке ашкан жок. Азыр бизде мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн алкагында 130 миллион долларга бааланган, Түштүк Корея менен биргелешип жазылган даяр долбоор бар. Биздин план боюнча бул 7 же 11 кабаттык имарат болот, анын чокусунда санавиация үчүн жабдуулар каралган. Бул борбордо биздин профессорлор, ординаторлор иштемек, аларга тажрыйба керек да. Бул долбоорду ишке ашырууга Медакадемияда окуган чет элдик студентердин окуу акысына төлөнгөн акча жумшалмак. Азыр бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жогорку бийликтин чечкиндүүлүгү керек болуп турат. Эгер алар бизге макулдук берсе, биз долбоорду баштоого даярбыз.

- Медакадемияга бир жылда чет элдик студенттерден канча каражат түшөт?

- Келишим боюнча ар бир чет элдик студент 3 миң доллардай төлөйт. Бул каражат окуу жайдын эсебине түшөт. Ал эми биздин окуу жайдын жалпы бюджети 1 миллиард сомго жетти. Мына ушул акчанын эсебинен биз жаңы окуу корпустарын куруп, заманбап техника алып атпайбызбы. Келечекте дагы курабыз, дагы алабыз.

- Маектериңиздин биринде, аял киши да мыкты хирург боло аларын, операция жасоого дарамети жетерин далилдөөгө туура келгенин айтыптырсыз. Эркектерден гана жакшы хирург чыгат деген стереотип азыр да күчүндөбү?

Хирургдар артист сымал өзүмчүл болушат. Ар бир хирург өзүн гана мыкты сезет. Ал эми аял киши операциялык столдо турса, эркектер бул эмне кылып жүрөт, балдарын карабайбы деп ойлошот.

- Албетте! Аялдарга операция жасоого мүмкүнчүлүк бериле бербейт, артыкчылык эркектерге ыйгарылат. Карап көрсөк, аял ректорлор аз. Бул жаатта да артыкчылык эркектерде. Бир профессор айткандай, хирургдар артист сымал өзүмчүл болушат. Ар бир хирург өзүн гана мыкты сезет. Ал эми аял киши операциялык столдо турса, эркектер бул эмне кылып жүрөт, балдарын карабайбы деп ойлошот.

Балким, мен ушул себептен турмушка чыкпай, бала төрөбөй калдым. Мен дайыма хирург болгум келерин далилдеп жүрдүм. Менин атам хирург, мен да хирург болгум келчү. Бирок азыр да мен баарын билем деп айта албайм. Кайсы бир операцияларды жакшы аткарам, ал эми билбеген нерсе болсо өзүмдөн кичүүлөрдөн да жардам сурагандан тартынбайм.

- Жумуштан тышкары эмне менен алектенесиз, эмнеге кызыгасыз?

- Китеп окуйм. Өзүмдүн балдарым жок болсо да, эже-сиңдилеримдин балдарын аябай жакшы көрөм, аларды эркелетем, алар менен убакыт өткөрөм. Алар да мени жакшы көрүшөт. Менин чоң энем "башкалардын балдарын өтө жакшы көргөнгө болбойт" деп айтаар эле. Мен башынан эле аябай жакшы көрчүмүн. Ошондой эле, Медакадемиянын студенттери менен жолугуп, алардын чыгармачыл кечелерине ырахаттануу менен катышам. Алардын ырдап-бийлегени, КВН ойногону мага аябай жагат.

- Медиктердин түйшүгү татаал экенин билебиз. Адам өмүрү үчүн жоопкерчилик деген оңой эмес да. Мына ушундай жүк сизди чарчатып-чаалыктырбайбы?

- Онкология менен ооругандарга айыгуу мүмкүн экенине ишеним, үмүт бере албасаң, ийгилик болбойт. Кандай гана дарт болбосун, андан сакайып кетүү ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Мен бейтаптарга дайыма "Жараткан, сиз анан гана догдурлар" деп айтам. Врачтын ишенимин байкаган бейтап тез сакайып кетет. Баары тең онкологиядан коркушат. Диагноз эрте коюлуп, дарыланса, залалдуу шишиги менен адамдар 50 жылга чейин жашай алат. Анткен менен бизде, тилекке каршы, өтө кеч кайрылышат… Мен бейтаптарга ишеним бериш үчүн ар дайым көтөрүңкү маанайда жүрөм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG