Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Орусияда кош бойлуу аялдар да эмделет


Орусия. "Спутник V" вакцинасы.
Орусия. "Спутник V" вакцинасы.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 илдетинин оор өтүү тобокелдиги жогору болгон боюнда бар аялдарга "Спутник V" вакцинасын саюуга уруксат берди.

Бул тууралуу министрликтин башчысы Михаил Мурашко билдирди.

Бир жума мурун Орусияда боюнда бар аялдардын арасында дагы коронавирус илдетин жугузуп алгандар кескин көбөйүп, расмий статистика боюнча 10 миңден ашканы кабарланган.

Жума күнү Орусиянын дагы сегиз аймагында бир катар тармактын кызматкерлерин милдеттүү түрдө эмдөө чечими кабыл алынды. Ошентип, милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүү тартиби дүйшөмбүдөн тарта жалпысынан 18 аймакка киргизилди.

Москвада 28-июндан тарта ишканаларда жумушчулардын кеминде отуз пайызын аралыктан иштөөгө милдеттендирген чектөө кайра калыбына келтирилди. Мындай жарлыкты Москванын мэри Сергей Собянин чыгарды.

Орусияда соңку суткаларда 20 миңден ашуун киши коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч катары каралууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG