Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Орусия: АШК Илья Яшинди талапкер катары каттоодон баш тартты


Илья Яшин
Илья Яшин

Орусияда оппозициячыл саясатчы, муниципиалдык депутат Илья Яшинди Москва шаардык думасына талапкер катары каттоодон баш тартылды. Ал абактагы саясатчы Алексей Навальныйды колдогону үчүн “экстремисттик ишмердик жүргүзгөн адам менен байланышта болгон” деген негизде шайлоодон четтетилди. Бул тууралуу Яшин "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Ал бул чечим боюнча сотко кайрыларын билдирип, бирок оң жагына чечилет деген үмүтү жок экенин кошумчалады.

Илья Яшин оппозициячыл ишмердиги үчүн бийлик аны бир дагы шайлоого катыштырбоо боюнча саясий чечим кабыл алды деген пикирде.

Анын маалыматы боюнча, 24-июнда талапкер болуп катталуу үчүн арыз жазган. Бирок аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы дароо эле расмий түрдө каттоодон баш тарткан. АШКнын башчысы экстремисттик ишмердик жүргүзгөн уюмдар менен кызматташкандарды шайлоого катыштырбоо боюнча быйыл кабыл алынган мыйзамды көрсөткөн.

Орус бийлиги Алексей Навальный түптөгөн Коррупцияга каршы күрөш фондун экстремисттик уюм катары таанып, ишмердигине тыюу салган.

38 жаштагы Илья Яшин оппозициячыл саясатчылардын бири. Ал учурда Москвадагы Красносельский муниципиалдык округунун депутаттар кеңешинин төрагасы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG