Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Минск Протасевичти үй камагына которду


Беларустагы оппозициячыл журналист Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы София Сапега.
Беларустагы оппозициячыл журналист Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы София Сапега.

Оппозициячыл телеграм-каналдын мурдагы башкы редактору Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы София Сапега үй камагына которулганын Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы кабарлады.

Журналист менен анын сүйлөшкөн кызы учуп бараткан лайнерди беларус бийлиги 23-майда Минск шаарына күч менен кондуруп, камакка алган.

Романдын атасы Дмитрий Протасевич Би-Би-Сиге 25-июнда берген маегинде беларус бийлиги эмнеге мындай кадамга барганын түшүнбөй турганын, балким "кандайдыр бир саясий оюндар жүрүп жатышы мүмкүн" деп кошумчалады.

Анын маалыматтарына караганда, уулу менен София Сапегага тагылган айыптар алынган эмес.

"Алар дагы эле бийликтин толук көзөмөлүндө. Тергөө жүрүп жатат. Биз абдан деле кубанган жокпуз. Адвокатта эч кандай маалымат жок. Бийлик үн катпайт. Баш коргоо чарасын өзгөртсө, демек шарттары жакшырды. Калганы эмне болору белгисиз", - деди Дмитрий Протасевич.

Ал эми Сапеганын адвокаты Антон Гашинский "Настоящее время" телеканалына курган маегинде София Минскиде батирде жалгыз жашап жатканын айтты.

"Мен билгенден кечээ София ата-энеси менен ресторанда жолукту. Үй камагынын эрежелерине ылайык, аны күзөтчүлөр коштоп жүрүшкөн", - деди Гашинский.

Адвокаттын баамында, Сапеганын үй камагына которулушу эң биринчи кезекте Александр Лукашенко менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусуна байланыштуу. Гашинский иштин чоо-жайына комментарий берүүдөн баш тартты.

Сапеганын үй камагына которулганын анын өгөй атасы да Би-Би-Сиге ырастады. Маалыматтарга караганда, Протасевич менен Сапега эки башка батирде турушат.

"Роман менен София темир тор артында отурбай, үй камагына которулганы - бул жакшы жаңылык. Бирок үй камагы эркиндик дегенди билдирбейт. Аларга тагылган айыптар алынган жок. Алардын ар бир кадамы көзөмөлдө. Демек, алар дагы эле барымтада. Биз Романдын ата-энеси менен байланыштабыз. Аларга уулу тууралуу эч нерсе айтпай, аны менен сүйлөштүрбөй жатышат", - деп Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская "Твиттерге" жазды.

Оппозициячыл саясатчылар Минск Батыштын Беларуска киргизген санкцияларын жумшартуу үчүн Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызын үй камагына которгонун боолголошот.

24-июнда Евробиримдик "адам укуктарын олуттуу бузганы үчүн" Беларуска санкция киргизип, мунай продукцияларын жана хлорид калийди импорттоону чектеди. Ошондой эле, Беларуска коммуникациялык жабдыктарды экспорттоого санкция салды.

23-майда беларус бийлиги Афиныдан Вильнюска бараткан Ryanair компаниясынын учагын "ичинде бомба бар" деген шылтоо менен Минскиге күч менен кондурган. Кийин эч кандай жардыруучу зат табылган эмес. Учактын ичиндеги оппозициячыл журналист Роман Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызы, Орусиянын жараны София Сапега камакка алынган.

Беларуста саясий кризистин уланып жатканына дээрлик бир жыл болуп калды. Былтыр 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенконун жеңип чыкканы жарыялангандан кийин, добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тартып, көчөлөргө түмөндөгөн адамдар чыгышкан. Алар Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өтүшүн жана демонстранттарды уруп-сабап, кыйноого алган коопсуздук кызматтарынын жетекчилеринин иштен алынышын талап кылышкен.

АКШ, Евробиримдик баш болгон бир катар Батыш мамлекеттери да Лукашенконун бийлигин таанышпайт. Бир жылдан бери Беларуста бийликке каршы көз караштары үчүн ондогон оппозициячыл активисттер, журналисттер, жүздөгөн карапайым тургундар камалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG