Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 08:15

Орусия: эмдөө "сертификат соодасын" кызытты


Эмделди деген жасалма сертификаттар.

Америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарылгандан жарым жыл өтүп-өтпөй Кабул өкмөтү кулайт деген прогноз чыкты. Ташкент Рогун ГЭСине альтернатива сунуш кылдыбы? Орусияда коронавирустан эмделди деген жасалма сертификаттарды сунуш кылышууда.

Кабул талибдерге канчага чейин туруштук бере алат?

The Wall Street Journal АКШ чалгындоо кызматтары буга чейинки божомолдорун өзгөртүп, "америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарылгандан жарым жыл өтүп-өтпөй Кабул өкмөтү кулайт" деген прогноз бергенин жазды.

Гордон Луболд менен Ярослав Трофимов Ооганстандагы абалга, талиб согушкерлери акыркы жумаларда улам бир районду өз көзөмөлүнө кайтарып келатышканына сереп салышкан.

АКШ баштаган эл аралык күчтөрдү ал өлкөдөн толугу менен чыгаруу 1-майда башталып, 11-сентбярда аяктоо максаты коюлган. Ушу тапта контингенттин жана техниканын жарымы алынып кетти.

Макалада 22-июнда Кундуз провинциясындагы айыгышкан салгылашуулардан кийин козголоңчулар Тажикстанга жакын чек ара өткөөлүн басып алышканы, 134 жоокер туруштук бере албай кошуна өлкөгө кире качканы айтылып, ооган армиясынын оор абалы тууралуу баяндалган.

Өлкө түндүгүндө жергиликтүү саясатчылар менен уруу аксакалдары арачы түшүп, аскерлер багынып берген учурлар көп болгону, айлап маяна албаган жоокерлер аман калуу үчүн техникасын, курал-жарак кампасын калтырып кетип жатканы айтылат.

Талибдер багынган аскерлер үйлөрүнө жөнөтүлөрүн, Кабул өкмөтүнө кызмат өтөөдөн баш тарткандар “бошотулган аймактарда тынч жашай берсе болорун” билдирди.

Журналисттердин жазганына караганда, айрым расмий адамдар атүгүл Ашраф Ганинин бийлиги америкалык аскерлер чыгарылгандан кийин үч айдай гана Талибанга туруштук бере аларына ишенишет.

Мындан улам авторлор армия жетекчилигине АКШ аскерлерин жана коопсуздук кызматкерлерин эвакуациялоону тездетүүгө туура келиши ыктымал деген көз карашын ортого салышты.

Америкалык аскерлер биринчи баскычта Баграм базасына топтолуп жатат. Бирок гезит расмий булакка таянып жазгандай, президент Жо Байден ал базаны жабууну чечти.

Журналисттер ошондой эле, "жылдар бою АКШнын аскердик жана дипломатиялык аракеттерине жардам берип келген он миңдеген жергиликтүү ооган талибдердин бутасына айланышы ыктымал, аларды да чыгаруу керек" деген маселеге токтолушту.

Ташкент Рогун маселесинен "кутулду"

The Diplomat өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин айдын ортосунда Дүйшөмбүгө жасаган визитине кайрылды.

Атап айтканда, аналитик Умида Хашимова бул ирет экономикалык алакаларды күчтөндүрүүгө көңүл бурулганын жазып, эң негизгиси тараптар дамбаларды сөз кылганы менен Рогун маселеси козголбогонуна басым жасаган.

Рогун ГЭСи
Рогун ГЭСи

Рогун ГЭСин куруу Ташкент менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы талаштуу маселе болуп келатат.

Автор Мирзиёевдин сапары эки тараптуу мамилелер жакшырганынан кабар бергени менен Өзбекстан Рогунду курууга дагы деле каршы дегендей таасир калганын баяндайт.

Өзбек президентинин визити учурунда Заравшан дарыясынын тажик тарабында эки ГЭС куруу тууралуу макулдашылды. Биргелешкен долбоор 282 миллион долларга бааланууда. 270 миллиону ички фонддордон, сырттан алынган кредит жана гранттардын эсебинен каржыланмакчы.

Станциялардын кубаты 140 жана 135 мВт болот жана өндүрүлгөн электр энергиясын Өзбекстанга берип турат деп пландалууда.

Хашимованын пикиринде, бул долбоор ишке ашса, Ташкенттин Рогун ГЭСинин курулушуна байланышкан сезимтал маселе жоюлат.

Тажик лидери Эмомали Рахмон станциядан регион пайда табарын, ошол эле маалда суу жыл бою бирдей көлөмдө берилерин убада кылып жатат.

Макаладагы дагы бир маалыматка караганда, Мирзиёев бийликке келген 2016-жылдан бери ортодогу соода эки эсе өскөн. Өзбекстан коңшусуна азык-түлүк, трикотаж, химиялык заттарды, мунай затты, кара жана түстүү металлдарды экспорттойт.

Коронавирустан эмделди деген жасалма документтер

Орусияда коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал курчуганы, айрым аймактарда милдеттүү эмдөө киргизилген. Би-Би-Си мындай абалда вакцина алды деген жасалма сертификаттарды сунуш кылгандар көбөйгөнүн жазып, ошондой документти кимдер, эмне себептен сатып алышарын талдап чыкты.

Мисалы, Виктория аттуу дарыгердин жазында кармаган аллергиясы бар. Бирок анын оорусу "эмделбеши керек" деген кагаз алууга негиз болуп бере албайт экен.

Эмдөө ыктыярдуу кезде вакцина сайдырып же сайдырбоо анын өз иши болчу. 16-июнда Москванын мэри кээ бир тармактарда иштегендер, анын ичинде медкызматкерлер милдеттүү түрдө эмделиши керек деп буйрук чыгаргандан кийин, реакциядан чочулаган Виктория ойлонуп туруп, "вакцинациядан толук өттү" деген сертификатты сатып алууну чечти.

Тааныштар аркылуу акча төлөп, эмдөө пунктунда ага биринчи доза сайылды деген кагаз алды, маалымат бирдиктүү систмеага да катталды. Үч жумадан кийин "экинчисин да алды" деп жазылат.

Викториянын айтымында, анын айланасында эмдөөдөн баш тарткандар көп.

"Настоящее время" каналынын кабарчысы жасалма сертификат саткандар менен сүйлөшүп жатат.
"Настоящее время" каналынын кабарчысы жасалма сертификат саткандар менен сүйлөшүп жатат.

Орусиянын бийлиги өлкөдө эң көп колдонулган “Спутник V" вакцинасы сыноонун үч баскычынан өткөнүн айтып келет.

Эл аралык абройлуу Lancet журналы препарат коронавирустун оор формаларынан 91,6 процентке коргой турганын жазган.

Аргентинадагы изилдөөгө караганда, “Спутниктин” биринчи дозасы менен эмделгендер арасында оор форманын алдын алуунун көрсөткүчү 78,6 процентти түздү. Бирок Орусиянын өзүндө бул санга ишенбегендер көп. Арасында догдурлар да жолугат.

Макалада айтылгандай, бейтапканаларда тааныштары жоктор жасалма сертификатты интернеттен таап алса болот. Москва мэринин жаңы буйругу чыккандан кийин “эмдөө сертификатын сатып алуу” деп дүйнөлүк желеде маалымат издегендер көбөйүптүр. Айрымдар атүгүл андай документти арзаныраак, бирок дүңү менен сунуш кылышат экен.

Авторлор сөзгө тарткан эксперттер эмдөөнү милдеттүү кылуунун масштабы кеңейсе, андай жасалма кагаздар да көбүрөөк сатыла баштарын же баасы кымбаттарын айтышат. Андан тышкары мындай көрүнүш статистикага, эпидемиологиялык абал тууралуу прогноздорго терс таасир этиши мүмкүн экенин эскертишет.

Макалада бийликтин эмдөө тууралуу түшүндүрүү стратегиясы да көп суроо жаратканы да белгиленет.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG