Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Коронавирус жашарды, эмдөө солгун


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөт коронавируска каршы күрөшүүнү жана эмдөөнү толук ишке ашыра албай жатканын моюнга алды. Буга байланыштуу ал саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге эскертүү берди.

Вирус жашарып, ооруканалар толуп калды

Кыргызстанда соңку бир суткада дагы 892 кишиге вирус жугуп, жети адам көз жумганы белгилүү болду. Соңку 25 күндүн статистикасы өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну курчуй баштаганынан кабар берет.

Биринчи июндан тарта 13 837 адам коронавирус жуктуруп, 163ү каза болду. Көз карандысыз адистерден турган топ 21-июндан 2-июлга чейин COVID-19 вирусунун жайылышын изилдеп, илдет жуктургандардын саны күн сайын 1500 адамдан ашып кетиши мүмкүн экенин билдиришкен.

Министрлер кабинетинин 24-июндагы чукул жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев мындай деди:

Жалалидин Рахматулаев
Жалалидин Рахматулаев

“Өтүп бараткан аптада коронавирус 4 786 адамдан аныкталып, вирустун жума ичиндеги өсүүсү 37 пайызды түздү. Илдет жуктургандарды изилдей келгенде 18ден 39 жашка чейинки адамдардын көп ооруп жатканы аныкталды. Алар өлүм көрсөткүчү 3-5 пайыз болгон улгайып калган туугандарына жугузуп жатышат. Жаштардын ооруп жатышына Кыргызстанга жайылып жаткан британиялык, орусиялык жана түштүк-африкалык штаммдар себеп болууда”.

Жалалидин Рахматулаев тизмектеген штаммдардан тышкары Индияга көп өлүм алып келген“дельта” штаммы дагы жайыла баштаганы өткөн апталарда эле маалымдалган.

Англиялык эксперттердин айтымында, бул штамм башкаларга караганда 60% жугуштуу.


Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев коронавирус жашарып жатканын билдирүүдө.

Ал жетектеген ооруканага соңку бир сутканын ичинде 36 адам жаткырылган. Алардын бешөө бала, эң кичүүсү төрөлгөнүнө 28 күн болгон ымыркай.

Гүлжигит Аалиев
Гүлжигит Аалиев

“Биздин оорукана толуп калды. Айыгып чыккандардын ордуна эле жаткырып жатабыз. Азыркы тапта кайра жандандыруу бөлүмүндө 18 бейтап жатат. Алардын акыбалы өтө оор. Былтыр реанимацияда 20-30 жаштагы жаштар жок болчу. Быйыл оор акыбалдагы жаштар көп. Жалпылап алганда алар илдетти жеңил көтөрөт. Бирок балдардын ооруп калганына ата-энелери күнөөлүү болуп жатат. Анткени алар эпидемиологиялык эрежелерди сактабай жүрүп, балдарына жуктуруп жатышат”.

Республикалык штабдын маалыматына караганда, 26-июнга карата стационардык дарыланууда 2 811 бейтап жатат. Алардын 881 оор, 132и болсо өтө оор абалда.

Аконит менен дарыланып жаткан министр

25-июнда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коронавирус менен ооруп жатканы белгилүү болду.

Бейшеналиев эки күндөн бери эшик-терезесин жаап иш бөлмөсүндө иштеп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Ал ооруп калганга чейин Ысык-Көл жана Нарын облусун кыдырып келгенин айтты.

“Азыр коронавирустун үчүнчү толкуну катуу жүрүп атат. Мен көптөгөн ооруканага киргем, ошол жактан жугуп калды окшойт. Жумуштан эч жакка кеткен жокмун. Иш бөлмөмдө айдоочум менен бекинип жатабыз. Аралыктан иштөөгө өттүм. Аконит ичип тердеп жатам. Эки-үч күндө чыгып кетиши керек”.

Өзүнүн талаштуу пикирлери менен таанылган Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы уу коргошун (аконит) тундурмасын ичүүнү сунуш кылып, анын өлчөмүн президент Садыр Жапаров аныктай турганын билдирген.

Бул демилгеси коомчулуктун сынына кабылып, чакырыгы кооптуу экенин жергиликтүү жана эл аралык адистер эскертишкен.

28-апрелде Жогорку Кеңеш Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу сунушун өкмөткө жолдогон.

Парламенттин 81 депутаты колдогон мындай чечимге министрдин парламенттеги профилдик комитеттин жыйынына келбей койгону себеп болгон.

Эл өкүлү Рыскелди Момбеков Бейшеналиев кыргыз медицинасын уят кылды деген пикирде.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

“Жогорку Кеңештин Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу токтому азыр дагы күчүндө. Буга өкмөт башчы же президент реакция кылышы керек эле. Кызматтан алгысы келишпесе “Жогорку Кеңештин чечимине макул эмеспиз” деп айтышсын. Элдин саламаттыгына жооп берген министр дүйнөлүк медицина колдонуп жаткан дарылардан баш тартып, уу коргошун менен дарыланып жатат. Бейшеналиевди бул кызматта президент менен болгон жеке мамилеси гана кармап турат. Анткени Садыр Жапаровдун жеке дарыгери болуп, ал абакта жатканда дарылап турган. Менин оюмча президент деле араң чыдап турат. Анткени бул министр канчалык көп иштесе, ошончолук президентке сөз тийет”.

24-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Саламаттык сактоо министрлигинин коронавируска каршы эмдөө ишин канааттандырарлык эмес деп таап, Алымкадыр Бейшеналиевге жана орун басары Жалалидин Рахматулаевге эскертүү берген.

Эптелбеген эмдөө

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Жалалидин Рахматуллаев 24-июнга карата 97 538 адам вакцинанын биринчи дозасын алганын, 72 680 адам толук эмделгенин билдирди. Бул сан жалпы вакцина ала тургандардын 1,7 пайызын түзөт. Рахматуллаевдин айтымында, Кытайдан гуманитардык жардам катары келген 150 миң доза вакцина дээрлик түгөнүп калган.

Мындан тышкары Кыргызстанга Орусиянын "Спутник V" вакцинасынын 100 миң дозасы эки партия менен келген. Министрлер кабинети вакцина алууга 815 миллион сом бөлгөн. Бирок алып келүүдө маселе жаралып жатканы айтылууда.

“Вакцина боюнча улуттук план бар. Тилекке каршы, Индиядагы пандемия Asrta Zeneca вакцинасын өз убагында алууга тоскоол болуп калды. Себеби вакцина Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аркылуу келиши керек эле. Алар баш тартып коюшту. Мындан сырткары Орусиядан келишим менен алып жатабыз. Бирок өндүрүүчүлөр муктаждардын талабын толук аткара албай жатат. Ошон үчүн бизге акыркы жолу 80 миң доза вакцина келди. Азыр дагы күтүп атабыз”, - деди министрдин орун басары Жалалидин Рахматулаев.

Министрлик күзгө чейин вакцина ала турган 2,9 миллион жарандын жарымын эмдөөнү пландап жаткан.

Ушул жумада Министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары Жылдыз Бакашова Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Шигеки Маэда менен жолугуп, коронавируска каршы вакцина берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү. Ал Кыргызстанга 1,1 миллион доза вакцина жана муздаткычтар зарыл болуп жатканын белгилеген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов вакцина сатып алуу боюнча келишимдер кеч түзүлгөнүн айтып, Саламаттык сактоо министрлигин сынга алды.

Улукбек Марипов
Улукбек Марипов

“Азыр бизде бир эле тапшырма турат. Кандай болбосун вакцина алып келишибиз керек. Акча жок эмес, 815 миллион сом бөлүнгөн. Даяр акчага вакцина сатып ала албасак, анда эмне кылып отурабыз. Азыр күнүгө миңге жакын адам вирус жуктуруп, 5-9 адам каза болуп жатат. Көз жумгандардын бардыгы эмделбегендер. Ошон үчүн уктабай иштешибиз керек. Азыр Индия штаммы коопту болуп атат. Бир дагы иш кылган жоксуңар”.

Бирок Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Спутник V" вакцинасын 26-июнда гана алды. Ал буга чейин коронавирус менен ооругандан кийин антиденече пайда болгонун айтып, эмдөө албай турганын айткан болчу. Ушундай эле жүйө менен президент Садыр Жапаров дагы вакцина алган эмес.

Президенттин аппаратынын маалыматына карганда, мамлекет башчыда вируска каршы антиденече иштелип чыккандыктан дарыгерлер эмдөөнүн кажети жоктугун билдирген.

Далилдүү медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова вакцинанын кечигип жатышына бир гана министр эмес, жогорку кызматтагылар да күнөөлүү деди:

Бермет Барыктабасова
Бермет Барыктабасова

“Калкты эмдөө – мамлекеттин милдети болуп эсептелет. Анткени саламаттык сактоо министринин колу бардык жерге жетпейт. Коронавирус боюнча Республикалык штабды өкмөт көзөмөлдөп жатпайбы. Министрлер кабинети жарандардын эмделишине шарт түзүп бериши керек. Алар өкмөттүн деңгээлиндеги келишимдерди түзүш керек эле да. Эгерде аткаруу бийлиги чабал болбогондо, азыркы учурда 500 миңден ашык адам эмдөөдөн өтүп калмак”.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эл менен тыгыз иштеген мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине "Спутник V" вакцинасы сайыла турганын билдирди.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров эмдөөдөн өтпөгөн мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын бербөө маселесин көтөрдү.

Былтыр июль-август айларында вирус жугузгандардын жана каза болгондордун саны кескин өсүп кеткен. Ал учурда ооруканаларга киши батпай, дарыгер жетишсиз болгон.

COVID-19: Ооругандар, курмандыктар расмий эсептен көппү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:59:51 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG