Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Марипов коронавируска каршы эмдөөдөн өттү


Улукбек Марипов
Улукбек Марипов

26-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Марипов Орусиянын "Спутник V" вакцинасын алганын билдирди.

Бишкектеги эмдөө пунктуна келген Марипов жалпы жарандарды вакцина алууга чакырып, жакынкы күндөрү Кыргызстанга вакцинанын кошумча дозасы келерин билдирген.

Кыргызстанда март айынын этегинде коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү башталган учурда Улукбек Марипов эмдөөдөн өтпөй турганын билдирген. Өкмөттүн маалымат кызматы Марипов мурда COVID-19 менен ооруп сакайганын, тест тапшырганда антиденече көрсөткүчү жогору чыкканын белгилеген. Мындан улам дарыгерлер "аны эмдөөгө муктаждык жок деп табышканы" айтылган.

24-июнда өкмөттүн кезексиз жыйынында Министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров эмдөөдөн өтпөгөн мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын бербөө маселесин көтөргөн. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG