Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Колумбиянын президенти отурган тик учак куралдуу кол салууга кабылды


Колумбиянын желегинин жанында турган жоокер.
Колумбиянын желегинин жанында турган жоокер.

25-июнда Колумбиянын президенти Иван Дуке отурган тик учак куралдуу кол салууга туш болду. Аткылоо Колумбиянын Венесуэла менен чектешкен түштүк Кататумбо аймагында орун алган.

Тик учактын ичинде Дуке менен чогуу коргоо министри жана ички иштер министри болгон.

Президенттик аппарат жарыялаган видеодо тик учакты бир нече ок тешип өткөнү көрсөтүлгөн.

Иван Дуке аймакта бир нече куралдуу топтор иштеп жатканын белгиледи.

“Бул кол салуу баңгизаттардын мыйзамсыз ташылышына жана терроризм менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү токтото албайт”, - деп белгилеген Иван Дуке.

Колумбия бийлиги бул кол салуунун артында ким турарын ачык айткан жок. Алар козголоңчу Улуттук-боштондук армиясынын күмөн санашууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG