Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Кыргыз-кытай чек ара тозотуна электр энергиясы тартылды


Кыргыз-кытай чек ара заставасы.
Кыргыз-кытай чек ара заставасы.

Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан кыргыз-кытай чек ара тозотуна электр энергиясын жеткирүү иштери аяктап калды. Көмөк чордон жана мамычалар орнотулду.

Учурда жумушчулар жогорку чыңалуудагы зымдарды тартуу иштерин аткарып жатат. Жарыкты жеткирүүнү Энергетика жана өнөр жай министрлиги ишке ашырган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, аталган тозотто 30 жылдан бери жарык туруктуу берилген эмес. Дизелдик электр энергиясы чектелген көлөмдө гана жандырылчу.

Нарын облусунун аймагында кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан жети тозот жана төрт пост бар. Алар Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө орун алган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG