Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:18

Милиция Чүйдө уурдалган кыз боюнча козголгон кылмыш ишин кыскартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Аламүдүн районунда урдалган кыз боюнча козголгон кылмыш иши кыскарды. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымата караганда, аталган иште кылмыштын белгилери болгон эмес. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Назира Имангазиева билдирди.

“Сотко чейинки териштирүүнүн жүрүшүндө милиция жабырлануучуну суракка алган. Ал уурдады деп айыпталып жаткан бала менен эки жылдан ашык сүйлөшүп жүргөнүн билдирген. Бирок алардын бирге болушуна баланын ата-энеси каршы чыккан. Пикир келишпестиктен улам той болбой калган. Бул факты боюнча бардык керектүү экспертизалар дайындалып, анын корутундусуна ылайык, кыз денесинен жаракат алган эмес”.

5-майда түнкү саат 11лерде Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 26-жаштагы кызды Лебединовка айылындагы супермаркеттин жанынан белгисиз кишилер "Тойота-Эстима" автоунаасына салып кеткенин кабарлаган.

Милицияга 6-майга караган түнү кыздын сиңдиси арыз жазганы маалым болгон.

Изделип жаткан кыз эки күндөн кийин байланышка чыгып, ата-энесинен кечирим сураган. “Кактус медиа” сайты жарыялаган тасмада ал ала качууга кабылбаганын, сүйгөн жигитине өз каалоосу менен барганын айтып берген. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG