Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:19

Тажикстан: "Салафия" мүчөлөрүнүн соту башталды


Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстанда тыюу салынган "Салафия" диний кыймылынын 18 мүчөсүнүн соту башталды. Тажик бийлиги муну радикализмге каршы саясат катары сыпаттаса, айрымдар өкмөт коопсуздукту шылтоо кылып, бийликти бекемдеп жатат деп сындап келишет.

Тажикстанда тыюу салынган “Салафия” диний кыймылынын 18 мүчөсүнүн соту жабык өтүп жатат. Исламды тутунган бул уюмдун жолдоочуларына эмне айып тагылганы, кимдер экени жөнүндө расмий маалымат айтылган жок. Бул адамдар өлкө түндүгүндөгү Бобожон Гафуров районунда быйыл февралдагы күч кызматкерлеринин рейдинин жүрүшүндө кармалган. 12-июнда башталган сот жараянынын алдында кармалгандардын туугандары “Салафия” башка экстремисттик топторго тиешеси жок экенин айтышууда. Алар милиция кызматкерлери шектүүлөрдү уруп-согуп, күч менен күнөөнү мойнуна алдырганын билдиришти.

Сотто айыпталуучулардын таламын коргоп жаткан адвокат, “Перспектива+” укук коргоо уюмунун башчысы Ойнихол Бобоназарованын айтымында, экстремисттик топтун мүчөлөрү деген адамдарга кармалган соң беш күн бою адвокаттарды киргизбей койгон:

“Бул кеңири жайылган тажрыйба. Баштапкы тергөө маалында кармалгандарды кыйнап, күнөөнү моюнуна алдырат, андан кийин гана адвокат менен көрүшүүгө уруксат беришет”, - деди укук коргоочу.

Ал сотто айыпталуучулардын бири кыйноого кабылганын ачык айтканын кошумчалады.

Бобожон Гафуров районундагы сот
Бобожон Гафуров районундагы сот

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу 18 айыпталуучуга кайсы берене боюнча күнөө тагылганы тууралуу расмий маалымат ала алган жок.

Бул окуядан эки ай мурун Тажикстандын Жогорку соту “Мусулман агайындар” деп аталган диний кыймылдын 120 мүчөсүн узак мөөнөткө кескен эле. Аларга “экстремисттик топ түзгөн”, “террорчул ишмердикти каржылаган”, “экстремизмге үгүттөгөн” деген айыптар тагылган. 8-апрелде аяктаган жараян бир иш боюнча топ киши соттолгону үчүн көңүл борбордо болду. Айыпталуучулардын алды 23 жылга кесилсе, арты беш жыл абакта жазасын өтөйт.

2020-жылдын башында бул иштин алкагында бир нече рейд болуп, университеттин профессору, мектеп мугалимдери, дарыгерлер, юристтер, студенттер жана диний ишмерлер кармалган. Алардын баары тагылган айыпты четке кагып келет.

Тажик бийлиги исламчыл радикалык топтордун коркунучу жөнүндө көп сөз кылат. Мындай уюмдар Дүйшөмбүдөгү светтик бийликти кулатып, калкынын негизги бөлүгүн мусулмандар түзгөн Борбор Азиядагы бул өлкөдө кырдаалды туруксуздаштырууну көздөйт деп байма-бай айтып келет.

Бирок өлкөдөгү айрым эксперттер Эмомали Рахмон башында турган бийлик диний топтордун коркунучун ашкере саясатташтырып, өкмөттү колдобогондорго жана оппозицияга куугунтукту күчөтүп жатат деп эсептешет.

Өлкөдө экстремисттик топторго карата жүргөн рейдде кармалгандардын соту жабык өтөт.

Тажикстанда учурда 18 уюм экстремисттик жана террорчул деп тыюу салынган. Алардын арасында “Ислам мамлекети”, “Өзбекстан ислам кыймылы”, “Талибан”, “Аль-Каида” сыяктуу эл аралык деңгээлде террорчул уюм катары таанылган топтор да бар.

Мындан сырткары 2015-жылы өлкөдөгү эң ири оппозициячыл уюм саналган “Ислам кайра жаралуу партиясына” тыюу салынган. 40 миңден ашык мүчөсү болгон партия мүчөлөрү парламентте, өкмөттө жооптуу кызматтарды ээлеп келишкен. Соңку жылдары Рахмондун бийлигине сынды күчөткөнү үчүн “террорчул” деп таанылып, бир катар мүчөлөрү камакка алынды. Партия жетекчилиги терроризм же экстремисттик топторго эч байланышы жок экенин билдирип жүрүшөт.

Ошондой эле, “24 тобу” деп аталган оппозициячыл кыймыл 2014-жылы экстремисттик деп таанылган. Курамында ишкерлер бар бул кыймыл тажик бийлигин кескин сынга алып, жарандарды өкмөткө каршы акцияларга чакырган эле.

Бул эки уюмдун көрүнүктүү мүчөлөрү четте бозгунда жүрүшөт. Алар Эмомали Рахмон экстремизм жана терроризмге каршы күрөштү шылтоо кылып, саясий оппоненттерин, эркин журналисттерди жана активисттерди куугунтуктап жатканын айтып келишет.

Тажик бийлиги диний экстремизмдин коркунучу жыл санап кулачын жайып бара жатканын жүйө келтирүүдө.

Коронавирус пандемиясынын алдында өлкөнүн баш прокурору Юсуф Рахмон 2019-жылы терроризмге байланыштуу кылмыштар 30 пайызга көбөйгөнүн билдирген. Чет өлкөлүк террорчул уюмдар менен катышы бар деп 395 адамга кылмыш иши козголгон.

Юсуф Рахмон
Юсуф Рахмон

Рахмон “Салафия” кыймылынын дагы башка мүчөлөрүнө карата 214 иликтөө жүрүп жатканын кошумчалаган.

Ал эми Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода болсо 2020-жылы террорчул жана экстремисттик уюмдардын мүчөсү деген 161 адам кармалганын кабарлаган. Алардын ичинен 81 адам “Ислам мамлекети” террорчул тобу менен байланышта болсо, 54ү “Салафия” кыймылынын мүчөсү деп шектелген.

Тажик өкмөтүнүн маалыматы боюнча, эки миңге жакын тажикстандык Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” тобуна кошулуп кеткен. Ондогон тажиктер Ооганстандагы куралдуу топтордун катарында жүргөнү айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG