Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Ошто мыйзамсыз курал сактоо боюнча эки факты аныкталды


Ош облусунун Өзгөн районунунда табылган курал.
Ош облусунун Өзгөн районунунда табылган курал.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Криминалдык милиция кызматы Ош шаарынан куралдар менен ок-дарыларды сактаган жашыруун жайды тапты.

Министрликтин маалыматына караганда, кароосуз калган үйдө капка оролгон 5,45 калибрдүү октору менен Калашников үлгүсүндөгү автомат жана тетиктери чачылган 16 калибрдүү сайсыз ок атуучу курал алынды. Курал-жарактар жерге көмүлүп катылган.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 253-беренеси (“Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) менен иликтөө иштери башталып, табылган куралдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Криминалдык милиция кызматы Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында атайын операциянын жүрүшүндө айыл тургунунун (М.Н.) үйүнөн дагы бир Калашников автоматын тапты. Тинтүү иштери соттун буйругунун негизинде Жазык кодексинин “Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси менен жүргүзүлдү.

Шектүү катары эки адам кармалды. Алардын бири (Т.О.) мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Алардын куралдарды мыйзамсыз алууга, өткөрүп берүүгө, сатууга, сактоого, ташууга катыштыгы текшерилет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG