Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Бишкек: коронавирус болгон балдарга атайын бөлүм ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 29-июндан тартып коронавирус менен ооруган балдар Эне жана баланы коргоо борборундагы атайын бөлүмдө дарыланышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев шейшембиде аталган бейтапканага барганда билдирди. Ал 17 жашка чейин балдар үчүн атайын жай даярдоону тапшырды.

Министрликтин маалыматына караганда, анда 90 керебет коюлат жана өлкөдөгү кырдаал жакшырганга чейин турат. Буга чейин оору жуккан балдар Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасында дарыланып келишкен.

Кыргызстанда соңку күндөрү COVID-19 жуккан учурлар көбөйдү. Акыркы бир күндүн ичинде илдеттен 10 бейтап киши каза болуп, дагы 1092 киши жуктуруп алды.

Бул былтыр август айынан берки эң жогорку көрсөткүч.

Өлкөдө коронавирус болгондордун жалпы саны 123 миңден ашып, анын 110 миңдейи сакайды. Оорудан 1992 кишинин өмүрү кыйылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG