Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Туристтик сезондо Ташкенттен Ысык-Көлгө учак каттайт


Тамчы аэропорту.
Тамчы аэропорту.

Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту кабарлады. Ага ылайык, Өзбекстандын Ташкент шаарынын быйыл алгачкы учак 11-июлда учуп келет.

“Өзбекстан аба жолдору” компаниясынын учагы туристтик сезон маалында Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропортуна жумасына бир жолу – жекшемби күндөрү учуп келип-кетип турат. Учуу убактысы 1 саат 30 мүнөттү түзөт.

Туристтик сезон маалында буга чейин Орусиядан жана Казакстандан учактар каттап турган.

Тамчы аэропортун куруу 1975-жылы башталган жана толук пайдаланууга 2003-жылы берилген. Ал Чолпон-Ата шаарынан 35, Тамчы айылына беш чакырым алыстыкта жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG