Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Дүйнөдө коронавируска каршы эмделгендердин саны 3 миллиарддан ашты


Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы вакцина алгандардын саны үч миллиарддан ашты. Мындай жыйынтыкка Британия, Орусия жана АКШ баштаган бир нече өлкөдө эмдөө башталган учурдан жарым жыл өтпөй жетишилди. Бирок бардар жана жакыр өлкөлөрдүн ортосунда айырмачылык чоң болууда. Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, эмделгендердин 23 пайызы 27 өнүккөн өлкөгө туура келет. АКШда дүйнө калкынын 4,3 пайызы жашаса, дүйнөдөгү вакцина алгандардын 11 пайыздан ашыгы ушул өлкөлөрдө жашайт. Ал эми дүйнөдөгү эмделгендердин 40 пайыздан Кытайга туура келет.

Ошол эле маалда Африканын көпчүлүк өлкөлөрүндө эмделгендердин саны 1 пайызга жетпейт. Ушундай абал дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө өкүм сүрүүдө.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус эмдөөдөгү мындай теңсиздикке тынчсыздануусун билдирди.

Акыркы күндөрү коронавирустун “дельта” деп аталган жаңы түрү жайылып жатат. Алгач Индияда аныкталган бул вариант мурдагы штаммдарга караганда тез жугарын окумуштуулар эскертүүдө. Буга байланыштуу бир катар өлкөлөр кайрадан карантиндик чараларды киргизип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG