Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Маалымат мыйзамынын долбоору добуш берүүдөн өткөн жок


Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү, активисттер мыйзам долбоордун кабыл алынышына каршы чыгып жатат. 30-июнь, 2021-жыл.
Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү, активисттер мыйзам долбоордун кабыл алынышына каршы чыгып жатат. 30-июнь, 2021-жыл.

Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору өтпөй калды.

Парламенттеги 59 депутат “макул” деп добуш берсе, 38и “каршы” болду. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүш үчүн 61 добуш талап кылынат.

Добуш берүүдөн кийин депутат Бактыбек Райымкулов айрым депутаттар адашып калганын айтып, кайра добуш берүүнү талап кылды. Буга эл өкүлү Дастан Бекешев каршы чыкты. Бирок, парламент башка маселени кароого өттү.

Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралган. Талкуунун жүрүшүндө депутаттардын арасында кайым айтышуу орун алды. Демилгечилер жана колдогондор долбоордун негизги максаты ар бир жарандын укугун коргоо жана такталган маалымат алууга шарт түзүү экенин айтып жатышат.

28-июнда Жогорку Кеңештин тармактын комитети аталган мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары долбоор сөз эркиндигин чектей турганын билдирип, сынга алышууда. Бүгүн, 30-июнда жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер Жогорку Кеңештин алдында бул мыйзам долбооруна каршы митингге чыкты.

Change.org платформасында документке каршы онлайн кол топтолуп жатат. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырык ташталды. Активисттер президентти парламент документти кабыл алса да, ага кол койбоого үндөп жатышат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG