Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

Кыргызстан Кытайдан 1,1 млн. доза вакцина алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 30-июнда Министрлер Кабинети Кытай өкмөтү менен коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm вакцинасынын 1,1 миллион дозасын жеткирүү тууралуу макулдашты.

Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, кытай препараты жакынкы күндөрү Кыргызстанга чартердик каттам менен келет. Ушул эле борт менен Кытайдын гуманитардык жардам катары берилген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы кошо келет. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, вакцинага каражат бюджеттен каралган.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөшкө 20 миллион доллар берген. Анын тең жарымы грант түрүндө. Калганы 38 жылга 0,75% менен насыя катары берилген.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул акчанын 17 миллионуна Кытайдан бир миллион доза вакцина сатып алмай болгон.

Ушул күндөрү Кыргызстанда коронавируска каршы 112 миңден ашык киши эмделди. Эмдөө өнөктүгү кытай препаратынан тышкары Орусиянын "Спутник V" вакцинасы менен да жүрүп жатат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG