Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Италия Ооганстандагы аскерлерин толугу менен чыгарды


Ооганстандагы италиялык аскерлер
Ооганстандагы италиялык аскерлер

Италия Эл аралык коалициянын курамындагы аскерлерин Ооганстандан толугу менен чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Лоренцо Герини 30-июнда жарыялады. Ал Италиянын Ооганстандагы соңку аскерлери Гераттан Пиза шаарына келген соң “Өткөн түнү Италиянын Ооганстандагы миссиясы расмий түрдө аяктады” деп билдирди.

29-июнда Германия Ооганстандан аскерлери толугу менен чыгарылганын жарыялаган. Бул өлкөлөрдүн аскерлери туура 20 жыл Эл аралык коалициянын курамында террорчулук менен күрөшүү миссиясына катышты.

Быйыл апрелде АКШнын президенти Жо Байден Ооганстандагы аскерлери 2021-жылдын 11-сентябрына чейин чыгарылып бүтөрүн жарыялаган. Бирок Reuters агенттиги америкалык аскерлер белгиленген мөөнөттөн эрте жакынкы жумаларда ооган жергесинен чыгарылышы мүмкүн экенин жазды.

Эл аралык антитеррордук коалициянын аскерлери чыгарылып жаткан шартта “Талибан” кыймылы активдешип, бир нече районду басып алды. Ооган өкмөтү мындай аракетти тактикалык чегинүү деп атап, акыркы күндөрү аталган райондорду талибдерден бошотконун жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG