Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

Омбудсменге 13 жаштагы кызды өгөй атасы зордуктаганы жөнүндө арыз түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы институту Талас облусунда өгөй кызын 13 жашынан баштап үч жыл зордуктап жүргөн кишини таап, жазага тартууну укук коргоо органдарынан суранды. Бул тууралуу институттун сайтында жазылды.

Маалыматка ылайык, Омбудсмен аппаратына Талас районунда секелекти өгөй атасы зордуктап, кыздын беш айлык боюнда бар экени жөнүндө маалымат түшкөн. Кайрылган жаран милиция шектүүнү таппай жатканын жана кызга психологиялык жардам керектигин билдирген.

Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлчүлүгү аталган кыздын 35 жаштагы апасына байланышкан учурда маалымат чын экенин айтып, 29-июнда арыз жазган. Окуя Талас районунуна караштуу Орто-Арык айылында болгон.

Аялдын арызына ылайык, 50 жаштагы күйөөсү анын 13 жаштагы кызын күч колдонуп үч жылдан бери зордуктап жүргөн. Учурда 16 жаштагы кызынын беш айлык боюнда бар экени аныкталган. Ал аял күйөөсүнөн өзү дагы кордук көрүп жүргөнүн айтып берген. Милицияга арыз жазгандан кийин күйөөсү качып кеткен.

Учурда арыз акыйкатчынын көзөмөлүнө алынды. Талас райондук тийиштүү укук коргоо органдарына тергөөнү дыкат жүргүзүү өтүнүчү менен кат жиберилди. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG