Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:00

COVID-19: 1-июлга карата 1392 адам ооруга чалдыкканы аныкталды


Коронавируска тест алып жаткан медицина кызматкери. Бишкек. Май, 2021-жыл.
Коронавируска тест алып жаткан медицина кызматкери. Бишкек. Май, 2021-жыл.

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, 1-июлда 1392 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды.

Анын ичинде басымдуу бөлүгү Бишкекте - 803, Ош шаарында 78, Чүй облусунда 197, Ош облусунда 60, Таласта 20, Нарында 17, Ысык-Көл облусунда 37, Жалал-Абадда 97, Баткенде 83 адам. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда жалпы коронавируска чалдыккандардын расмий саны 126 395 адамга жетти. 110 698 адам илдеттен сакайды.

Акыркы суткада коронавирустан 9 адам көз жумду. Алардын бешөө Бишкекте, экөө Баткенде. Чүй жана Жалал-Абад облустарында бирден адам жарык дүйнө менен кош айтышты. Илдеттен жалпы 2009 адам каза болду.

Ушул тапта 3553 адам ооруканада. Алардын ичинен 188 адамдын абалы өтө оор. 9055 адам амбулатордук дарыланууга алынган.

2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында катталган коронавирус оорусу жалпы дүйнөнү каптап, 4 миллионго чукул адамдын өмүрүн алды. Жалпы дүйнө жүзүндө ооруга 182 млн. 979 миң 349 адам чалдыкты. 3 млн. 962 миң 864 адам илдеттен көз жумду. 167 млн. 565 миң 591 адам вирустан айыкты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG