Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:21

Кыргызстан Мамлекеттик катчы институтуна кайтты


Бишкек. Өкмөт үйү.

Кыргызстанда жаңы Баш мыйзамга ылайык Мамлекеттик катчы институту кайра түзүлүп, ал кызматка жазуучу Чолпонбек Абыкеев дайындалды. Мамлекеттик, улуттук идеология жаатында иш алып барган кызматтын кайрадан түзүлүшү жана ага Чолпонбек Абыкеевдин дайындалышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты.

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттин катчы институту түзүлөрүн жаңы Баш мыйзамга кол коюп жатып билдирген:

“Ааламдашуунун шарттарында өз жүзүбүздү сактап калуу эң маанилүү милдеттерибиздин бири. Ушуга байланыштуу дагы бир маанилүү кадам жасап, Конституцияга ушул маселелер менен да алектене турган Мамлекеттик катчы институтун атайын киргиздик".

Чолпонбек Абыкеев 65 жашта. Буга чейин ал Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси болуп турган. 1990-жылдардан кийин “Аалам” гезитинин негиздөөчүсү жана башкы редактору, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин башкаруусу учурунда президенттик администрациянын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеп, кийин Мамлекеттик архивди башкарган. 2010-жылдан кийинки мезгилде Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген. 2020-жылы октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровду колдоп, конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон.

Чолпонбек Абыкеев Мамлекеттик катчынын аткара турган иштери тууралуу буларды билдирди:

Чолпонбек Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

“Президент Баш мыйзамдын ичиндеги багыттары жөнүндөгү сөзүндө мамлекеттик катчы толугу менен идеологиялык ишти алып барат деп түз көрсөтмө берген. Маданият, руханий багыттарыбыз, улуттук нарк-салтыбыздын калыбына келип сакталышы сыяктуу иштер мамлекеттик катчынын түздөн-түз иши болуп саналат. Мамлекеттик идеологиянын жүрүшү буга чейин маданият тармагында иштеген адамдардын гана милдетиндей болуп келсе, мындан ары андай болбойт. Кайсы министрлик, мекеме болбосун мамлекеттик идеология бир сызыкта жүрүш керек”.

Чолпонбек Абыкеев президент Садыр Жапаровдун “Саясаттагы 10 жыл” аттуу китебин жазууга көмөктөшкөн деген сөздөр бар. Абыкеевдин өзү Садыр Жапаровдун китептерин жазууга аралашпаганын, бирок кайсы бир макалаларын редакциялап берип тургандыгын айтты.

Мамлекеттик катчы керекпи?

Мурдагы Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов институттун кайрадан түзүлгөнүн колдой турганын буга чейин билдирген. Бирок кызматка ылайыктуу адам коюлушу керек деген ойдо:

Осмонакун Ибраимов
Осмонакун Ибраимов

“Азыркы заманда улутту бириктирип, жаңы стратегияларды түзүп, ошого үндөп, жетелеш керек болуп турат. Азыр туңгуюктабыз, каякка баратабыз, эмне максатты алдыга койгонубуз жөнүндө түшүнүк жок. Ошондуктан жаңы мамлекеттик катчы ушул ишке жардам берсе жакшы болот эле. Менин түшүнүгүмдө мамлекеттик катчы өлкөдөгү ички-тышкы турмушту тейлеп турган “дүжүр пост” сыяктуу иш да. Президент эмне деген максат койсо, кандай план, концепцияларды иштеп чыкса аны түшүндүрүп, аткарылышын көзөмөлдөп, жетекчилик кылган киши мамлекеттик катчы болушу керек деген ойдомун. Азыркы маселе ошого ылайыктуу киши табыш керек. Ал киши мүмкүн болсо моралдык, руханий авторитети бар, колу таза, билимдүү, интеллектуал болушу керек. Жөн эле бирөөнү алып келип отургузуп койгон болбойт”.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеевдин айтымында, анын эки эксперти жана бир жардамчысы гана болот. Мамлекеттик катчы кызматынын жобосу учурда жазылып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев мамлекеттик катчы менен Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык тармак боюнча иш алып барган орун басарынын иши бири-бирин кайталап калышы мүмкүн экенине көңүл бурду:

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

“Мамлекеттик катчы чоң авторитет болушу керек. Бардык саясий күчтөр, коомдук уюмдар аны тааныш керек. Ал бийликтин күчү менен эч нерсе кыла албайт. Авторитети, аброю, кылган иши менен гана идеологиялык чөйрөдө лидер боло алат. Муну эми убакыт көрсөтөт. Бизде социалдык саясат боюнча вице-премьер-министр бар. Экөөнүн функциясы бир, экөө тең президенттин аппаратына карайт. Функцияны так аныктап алмайынча бири-бирине тоскоол болуп калышы мүмкүн. Конституцияга киргизгенден кийин көрүш керек”.

Саясатчы Равшан Жээнбеков болсо реалдуу бийлиги, каржысы, аппараты жок мамлекеттик катчы той-топурда президенттин атынан куттуктоо окуган адамга айланышы мүмкүн деп эсептейт.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

“Дүйнөдөгү мамлекеттик катчылар идеология эмес, башка милдеттерди аткарат. АКШда мамлекеттик катчы тышкы саясатты жүргүзүп, мамлекеттеги үчүнчү адамдын ролун аткарат. Бизде мамлекеттик идеологияны жүргүзөт десек, ал ишке ашпайт. Мамлекеттик идеология көптөгөн убакытты, каражатты талап кылат. Кыргызстанда ал идеологияны жүргүзүү үчүн каражат жок. Акаевдин заманында мамлекеттик катчы тойлорго, мааракелерге, мамлекеттик иш-чараларда президенттин атынан куттуктоо окуган адамдын гана милдетин аткарып калган. Мен ичинен билген адам катары айтайын, мамлекеттик катчы эч нерсе чече албайт, аны президенттин администрациясы, министрлер укпай койгон учур көп болот. Анткени, мамлекеттик катчынын бийлиги жок”.

Мамкатчынын салмагы менен айгагы

Ал эми коомдук ишмер Кадыр Кошалиев мамлекеттик катчы кызматын түзүү мезгилдин талабы болгонун айтууда.

Кадыр Кошалиев
Кадыр Кошалиев

“Илимде улуттук иденттүүлүк деген түшүнүк бар. Улуттук баалуулуктардын негизинде гана өнүгүш керек. Ушул багытты карманган, чоң саясатта жүргөн, илимий-интеллектуалдык чөйрөдө өзүнүн жүзү, орду бар адамдын бири - Чолпонбек Абыкеев. Бирден-бир даярдыгы бар адам. Жазуучу, идеолог, саясатты да түшүнөт”.

Чолпонбек Абыкеев бул кызматты президент өзү сунуштаганын билдирди.

Аны мамлекеттик катчы кылып дайындоо тууралуу президенттин буйругу чыккандан кийин, мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу таарынычын жазып чыкты.

Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев

“Конституциялык кеңешме иштеп жатканда президент мага тапшырма берип, мамлекеттик катчы институтун киргизели деген. Мен конституциялык кеңешменин мүчөсү катары киргизип, өткөргөнбүз. Мен ошондон улам ишенип алыпмын, ушул орунду берсе керек деп. Сүйрөп жүрүп анан ушундай болуп калды. Улуттук идеологияны түптөө үчүн көп аракет кылдым эле, ошол позициям президенттин тегерегиндеги айрымдарга жакпай калса керек”.

Чолпонбек Абыкеевдин Мамлекеттик катчы болуп дайындалышына нааразычылыгын билдиргендер дагы болду. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева 2007-жылы Курманбек Бакиевдин учурунда Абыкеев Таластагы Кароол чокуну каздырууну колдогонун эске салды:

Токтайым Үмөталиева
Токтайым Үмөталиева

“Бакиевдин учурунда грузиялык компания келип, Таластагы Кароол чокуну казган. Ага 11 млн. доллар берген. Ага чейин Кароол чоку ЮНЕСКОнун руханий мурастар тизмесине кирмек. Ошол каралып жаткан кезде Кароол чокуну чукутуп, кирбей калган. Ошол ишти уюштурган Чолпонбек Абыкеев болгон. “Бриллиант жылан” деген китебиндеги жыланды Манастын күмбөзүнүн жанынан издеген кызык киши”.

2007-жылы 11-июнда Орусия мамлекетинин “Кредо” деп аталган уюмунун каржылоосу менен грузиялык тоо-кен чалгынчылары Кароол чокунун түндүк жагын каза баштаган. Ошол кезде казуу иштерин жетектеген грузин геологу Ронул Жапаридзенин айтуусунда, Кароол чокунун алдында 4 миң тонна алтын жана “өмүр дарагы” бар деп айтылган. Коомчулуктун кийлигишүүсү менен казуу иштери токтотулган. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев казуу иштерин коргоп чыкканы маалым.

Кыргызстанда мамлекеттик катчы инстиутуту 12 жыл мурун мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда жоюлган. Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары түзүлгөн бул институтту Аскар Акаевдин учурунда Аскар Какеев, Жумабек Ибраимов, Жаныш Рустенбеков, Ишенбай Абдуразаков, Осмонакун Ибраимов, Бакиевдин тушунда Дастан Сарыгулов, Адахан Мадумаров, Досбол Нур уулу жетектеген.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG