Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

УЛУТТУК ИДЕОЛОГИЯ ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ТААСИР ЭТЕБИ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Көптөн бери коомчулукта Кыргызстандын келечек өнүгүүсүндө идеологиянын зарылдыгы тууралуу ар кыл пикирлер өкүм сүрүп келет. Ага карабай, эгемендүүлүккө ээ болгон 12 жыл аралыгында эч кандай идеологиялык программа иштелип чыкпады. Мындан 1 ай мурда, тактап айтканда 15-майда президенттин жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын идеологиялык программасы» жактырылып, ал маалымат каражаттарына жарыяланды. Бирок ал комчулуктун кызыгуусун туудуруп, анчалык талаш-тартышты жарата албады.

«Былтыркы Аксы окуясы өлкөдө бирдиктүү бир идеологиянын жоктугунан улам келип чыкты» деген пикирлер айтыла калып жүрөт. Аны Аксы окуясын териштирген Коопсуздук Кеңешинин жыйынында ошол кездеги өкмөт башчы Курманбек Бакиев да айтып чыккан болчу. Бирок, анын мындай пикирине мамлекет башчысы каршы чыгып, идеология бардыгын, ал мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов тарабынан даярдалганын эскерткен эле. Мына ошол окуядан туура бир жыл өткөн соң мамлекеттик катчы тарабынан даярдалган идеологиялык программа коомчулукка дайын болуп отурат. Бирок, ал маалымат каражаттарында жарыяланганы менен, коомчулукта анчалык кызуу талаш-тартыш жараткан жок.

«Азаттык» радиосу ар убак «Өлкөгө идеологиянын зарылдыгы барбы?» деген маселе боюнча айрым саясатчыларга, окумуштууларга кайрылып келгени маалым. Мына ошондой сурообузга Академик Аскар Какеев:

- Ошол Совет мезгилиндеги көз караштан, догматикалык ойлордун тушоосунан чыга албай жатабыз. Эң негизги нерсе ушул, - деп жооп берген эле.

Аскар Какеевден айырмаланып, «Аалам» гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев эң оболу ошондой көз караштан бийликте отургандар өздөрү чыга албай жатканын, алар өлкөнү алдыга сүрөөчү идеологияны сунуштай албай келгенин айтат.

- Кантсе да демократиялык мамлекетте жашап аткандан кийин, коммунисттик идеологиянын кулчулук салтынан чыгышыбыз керек. Эң оболу бийликте отургандар чыгышы керек. Азырынча бийликтегилер «мына бул багытта өсүш керек» деп, конкреттүү идеологиялык реформа сунуш кыла алышкан жок, - дейт Чолпонбек Абыкеев.

Ал эми бир ай мурда президенттин жарлыгы менен элге сунушталган «Идеологиялык программа» көпчүлүк саясатчылардын көңүлүнө төп келбегени байкалууда. Ал түгүл Өкмөт Үйүндөгү айрым кызматкерлердин өздөрү мындай жеңил-желпи программа эл арасында эч кандай таасирге ээ боло албастыгын айтып жатышат. Аталган программага «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова да ичи чыкпаганын жашырбады.

- Бизде Конституция бар эмеспи? Анда элдин бийлиги, демократиянын жолу тууралуу ачык жазылбады беле? Менин оюмча, Конституциянын өзү биз үчүн башкы идеология болгудай. Ал эми Осмонакун Ибраимов сунуш кылган «Идеологиялык программа» же «Хартия» биз үчүн эч качан идеология болуп бере албайт, - деди Замира Сыдыкова.

Ошентип, элге жогору жактан сунушталган идеология коомчулук арасында олуттуу талаш-тартыш жарата элек. Анын үстүнө бул программа орус тилинде жалгыз гана басылмага («Слово Кыргызстана») жарыяланып, көпчүлүккө анын кабары жеткен жок жана аны саналуу гана адамдар окуп чыкканга жетишкен көрүнөт.

XS
SM
MD
LG