Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Отуз жыл этектен тарткан беш маселе


Бишкек шаары. Илюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаары. Илюстрациялык сүрөт.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Жазгүл Урманбетовадан келген материалды сунуштайбыз.

Эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл өттү. Кыргызстан дагы эле чек ара маселесине чекит коё элек. Мындан катардагы жарандар жапа чегип жатканы өкүндүрөт. Алтындан да кымбат өмүрлөр, болгондо да жаш балдар окко учканы зээнди кейитет. Азыр башкы милдет - маселени биротоло жоюу. Чечүү жолдорун ар кайсы деңгээлде, анын ичинде эл аралык эксперттик коомдун арасынан издөө зарыл.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу делимитация жана демаркация маселелери тез арада чечилиши керек. Абал тынчыды деп саноо али эрте. Себеби, абал баарыбызга белгилүү болгондой эле курч бойдон.

Отуз жылда мактанаарлык деле эч нерсе жасай алган жокпуз, чынында. Ооба, революциялардан башка. Учурдагы чиновниктерди камакка алуу - бул башталышы гана. Мындан ары кандай болот, аны убакыт көрсөтөт.


Мен Кыргызстан кайсы багыттар боюнча алдыга жылбай жатканынын себептерин издеп көрөлү.

Сот

Биринчи, сот системасын толугу менен тазалоону сунуштайт элем. Себеби, соттор кайсы президент келсе эле ошонун тилин угуп, мыйзамдарды сактабай, туура эмес чечимдерди кабыл алып келгенин жалпы коомчулук билип турат. Мен бардыгын айткандан алысмын, бирок эбегейсиз байлыктарды топтоп, катардагы жарандарыбыз батирлерде жашаса, соттор чет жактан турак жай сатып алып жатканы аша чапкандык.

Президенттер

Ооба, эгемендүү мамлекет бул көз карандысыз мамлекет. Бирок, КМШ мамлекеттер арасында салыштырмалуу артта калып баратканыбызды моюнга алышыбыз керек. Биз эч кимден эч бир жардам сурап, чөгөлөп отурбашыбыз керек. Ата-бабабыз да андай жолго барган эмес. Бирок айрым аткаминерлер ар кайсы мамлекетке барып, кайыр сураганы да кыргыздардын намысына тийип жатат.

Эмнеге ушунча кен байлыктарыбыз туруп Кыргызстан башка мамлекеттен көз каранды болушу керек деген суроо туулат. Кезегинде бийликке жеп-ичкичтер келип башкарып, толгон-токой байлыкты ысырап кылып чачкан. Алар каалаган кадрын кызматка коюп, кызматтар акчага сатылган. Алардын кийин чет жакка качып кеткенин кыргыз элине жасаган чыккынчылык деп билем. Президент жана анын командасы мамлекеттин алдыга жылып, бардык тармактарда революция жасашына түрткү берет.


Үчүнчү, жакырчылыктан чыгуу. 2020-жылы кедейчиликте 1 млн. 678 миң адам жашай турганы аныкталган. Алардын 73,7 пайызы айыл жеринде. Улуттук статистика комитети 2020-жылы кедейчиликтин жалпы чегинин нарктык көлөмү бир жылдын ичинде калктын киши башына 35 миң 268 сомду, эң төмөнкүсү – 19 миң 774 сомду түздү деп жарыялады. Бул деген жумушсуз жарандарыбыз көбөйгөнунөн кабар берет.

Тез арада жумуш орундарын түзүп, элге тамак берип алдабай, иш менен камсыз кылуу керек. Бизде болсо келген гранттарды ортодо жок кылып коюп, эч ким билбей калат деп, "кыл жип менен бууп" коюп, жардам берип жаткан тарап байкабай калат деген "уурулар" адашат. Пандемия учурунда келген жардамдарды тактап, алар кайсы жакка сарпталганы дыкат иликтенип, аягында бул иштердин артында кимдер турганы ачыкка чыкты.

Экономика

Экономиканы азыркы президент Садыр Жапаров "ит минип калган абалда" деп сыпаттады. Туура, экономиканын абалы начар. Кыргызстан өзү өндүргөнгө караганда, сырттан көп сатып алат. Ал эми Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2021-жылдын 30-апрелине карата 4 млрд. 933,6 млн. АКШ долларын (418 млрд. 322,79 млн. сом) түздү.

Экономика жана финансы министрлигинин маалыматы боюнча карыздын 84,8%ы тышкы карыз (4 182,95 млн. доллар), 15,2%ы ички карыз (750,11 млн доллар). Бул карыздан кутулуу максатында атайын эсеп ачылып, жарандар акча чогулта баштаган. Айрымдары буга каршы чыккан.

Кыргыз эли негизинен эле той-топурларга жакын. Тойлордо ысырапкорчулук көп, акчанын 50-60 пайызы абага чачылгандай жок болот. Ошол себептүү үй-бүлөнүн бюджетинде кошумча акча пайда болмоюнча той өткөрүүнүн пайдасы жок. Муну кыскартуу максатында айрым депутаттар жамандык-жакшылыкта мал сойбоону да сунушташкан.

Мигранттар

Мигранттар маселеси абдан чоң тема. Бул жаатта айта берсе маселе көп: оору, туруксуздук, ажырашуу, балдарды туугандарына калтыруу, мигранттардын психикалык жабыркоосу ж.б.

Акыркы учурда диплому бар билимсиздер арбын. Керек болсо ЖК депутаттары диплом сатып алгандыгы байма-бай айтылып, ал тастыкталып да жатат. Кыргызстанда эки билимге ээ болгону да жумушсуздуктун айынан чет өлкөгө иш издеп барат. Алардын көйгөлөрү ого эле көп. Алгач эле алардын коопсуздугу абдан опурталдуу маселе. Алар эч нерседен камсыздалган эмес. Канча деген "Жүк-200" эгемендик алгандан бери Кыргызстанга келип жатат, алардын басымдуусу жумуштан каза табышат.

Мигранттардын балдары да чоң проблема. Алар Кыргызстанда туугандарыныкында калып, ар кандай сыноолорго дуушар болуп жатышканы жүрөктү оорутат. Канча бала туугандарына батпай, бейкүнөө ажал таап, бул дүйнө менен кош айтышууда. Ал эми мигранттардын башка мамлекеттерде төрөлгөн балдарынын көбү ташталып жатканын да айтпасак болбойт. Басымдуу бөлүгү жетимдерге айланууда. Статистикага таянсак, 2021-жылдын башынан бери Орусиядан Кыргызстанга 11 наристе алынып келген.

Туризм

Бизде эң башкысы бийик тоолор, Ысык-Көл, Сары-Челек, Арсланбап, Жети-Өгүз сыяктуу кооз жерлерибиз арбын. Мына ошол жерлерге туристтерди тартышыбыз керек. Аларга ыңгайлуу шарт түзүп беришибиз зарыл. Биз муну да аткара албай, аларда кайра тоноп, сабап, керек болсо жашоо менен коштоштуруп койгон учурларды моюнга алышыбыз керек.

Өндүрүү жана ойлоп табуучулук. Кыргызстанда өндүрүү абдан эле начар деп айтсак болот. Биз даяр нерсеге көнгөнбүз. Жада калса ошол даяр нерсени да талкалап, бузганга да үлгүрүп жетишебиз. Бул албетте, жаман нерсе. Жада калса, баш мыйзамды да жаза албай башка мамлекеттикин уурдайбыз. Садыр Жапаров белгилегендей, "бизде тиш чукугуч чыгара турган фабрика да жок". Баарыбыз ушул убакыттан тартып "Кыргызстан үчүн мен эмне салым коштум" деген суроону кааласак да, каалабасак да алдыбызга коюшубуз керек.

Оюмду аяктап жатып, түрк лидери Мустафа Кемал Ататүрк өндүрүү боюнча "бир нерсе чыгарбаган эл биринчи ар-намысын, андан кийин эркиндигин, аягында келечегин жоготот" деп таамай айтканын баса белгилегим келет. Мына ошондуктан өзүбүз жакшы, керектүү нерселерди өндүрүп, ойлонуп ой-жүгүртсөк өнүгөт белек…

Жазгүл Урманбетова

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG