Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:48

Санаторийди сазга батырган кызыкчылык


Жети-Өгүз, Ысык-Көл облусу.

Ушул жашка келгени атайын курортко же санаторийге барып эс алып көргөн эмес экем. Бишкектеги ковиддин, ысыктын шылтоосу менен кокусунан он күнгө Жети-Өгүз санаторийине келип калдым.

Карагайлуу тоолордун арасындагы ден соолук чыңдоочу жай бейиштей экен. Абасын аптыга дем алып жаттык. Жанында күрпүлдөп аккан дайра! Жомоктогудай кыпкызыл аскалар адамды өзүнө тартып турат. Адамга дагы эмне керек! Укмуштуудай кооз карагайлар “мени карачы!” деп чакырып тургансыйт. Алгач жалаң табиятка суктанып, ушундай ажайып жер биздин мекенибиз экендигине ыраазы болуп жаттык. Ушул жерге табияттын сулуулугун “ме, пайдалангыла!” деп Жараткан өзү сунуп тургандай таасир калтырат.

Санаторийди иштеткендер жалаң пенсия курагынан небак ашып кеткен аялдар. Алгач келгендерди кабыл алган дарыгердин жашы сексенден өтүптүр. Жаштар жок. Бардык эмеректер эски, бүлүнгөн, эскирген имараттар, кейпи кеткен айкелдер гана бир кезде бул жер мыкты жай болгонун эске салып турат. Ара-чолодо сүйлөшсөк, бул жерде иштегендер бир жылдан бери айлык алыша элек. Айлыктары орточо 4 миң сом. Ушундай айлыкка жаштар келмек беле?

Жети-Өгүз санаторийи Кыргызстандын профсоюздар федерециясына тиешелүү. Эс алуучулар негизинен профсоюздун жолдомосу менен эс алышат. Профсоюздун жоон орто төбөлдөрү аялы, бала-чакасы менен келишип, санаторийде атасынын төрүнө келгендей эле тайраңдашат экен. Бекер эс алуу, дарылануу, бекер тамак. Андан тышкары Көк-Жайык жайлоосуна эс алууга да аларды алып барып турушат. Анан дагы бары-жогу кыйрап, араңжан иштеп жаткан санаторийди профсоюздун текшерүүчүсү да басат. Айтор, булардын бардыгын көрүп жатып, бейишке караганда кейиши көптөй болуп кетет.

Кыргызстан профсоюздар федерациясы заманбап иш алып бара албаган, бир ууч гана адамдардын жыргал турмушун камсыз кылган жер экендиги буга чейин эле бардык ЖМКларда айтылып келген. Кызмат талаштан улам бул жерде атаандаш тараптардын митинг, пикетке чыгуулары кадыресе көрүнүш экенине күбө болуп келе жатабыз. Ал жерде иштеген бир ууч топ өздөрүнө 50 миң сомдон 400 миң сомго чейин айлык коюп алышканы да жаңылык эмес дешет ушул жерде иштегендер. Ушунун бардыгы профсоюзга караштуу ондогон курорт, санаторийлердин, эс алуу үйлөрүнүн эсебинен болуп жатканын айтышат.

Жети-Өгүз санаторийинин сайты, социалдык тармактарда баракчалары жок, себеби заманбап менеджмент, маркетинг бул жерге жат. Компьютерди бухгалтериядан гана көрдүм. Эс алууга келген адамды каттоо, санитардык китепче берүү дагы башка иштер кол менен жазылат. Интернеттен өзүңүз каалаган бөлмөгө буюрутма берүү бул жерде иштегендердин түшүнө да кире элек.

Дагы бир себеби, профсоюз антип иштөөгө кызыкдар эмес. Алар бардыгын илгеркиче өздөрү гана көзөмөлдөп тургусу келет. Ушундай кооз табияты менен профсоюздун карыштыра ачка кармаган колунан санаторий чыгып кетсе, өздөрү эле тың жашап кетээрине бир жолу барган менин да көзүм жетти.

Жети-Өгүзгө негизинен жашы өтүп калган адамдар ден соолугун чыңдоого келишет. Себеби радон, минералдык дары суулар, баткак менен дарылоо сөөк, муундар, нерв, тери ооруларын, дененин кыймыл-аракет тутумун дарылоого ылайыкташкан. Орто жаштагылар үй-бүлөлөрү менен, кээде жаш ата-энелер кичине балдары менен көп келишет. Жаштар көбүнчө жолдомо менен эмес, акча төлөп келип эс алышат. Ошо акча төлөп жаткан соң, баарынан болушунча пайдаланып калыш керек дешеби, кичинекей балдарын да убактысын эске албай минералдык бассейнге салышат. Анын канчалык пайда, же зыянына маани беришпегенин байкадым. Мындайда акча бердиңби, демек болушунча пайдаланыш керек деген ач көз каалоо ойноп кетет тура.

Профсоюздан алган жолдомо 20 күндүк эс алууга ылайыкташкан. Бирок аны көп учурда беш күндөн төрткө бөлүп, төрт адам келип дарыланып кетимиш болгон учурлар көп. Бул дагы өзүнчө маселе. Көбүнчө мугалимдерди ушинтип жиберишет экен. Беш күндө кайдагы жыргаткан эс алуу болмок эле?

Мурда совет доорунда жолдомо менен бир адам 24 күнгө эс алууга келчү экен. 4 күн ошол жерге көнүшүүгө, жолго кетсе, калган 20 күндүн ичинде адамдын организми, нерви толук эс алып, ден соолугун чыңдап, энергия топтоп кетээрин ошол жердегилер айтып жатышты.

Ушундай ажайып табиятка мамиле кандай болуп жатат? Адамдын буту жеткен тоолордогу карагайлардын түбүндө бөтөлкөлөр, баштыктар ж.б. таштандылар бирин-серин жатат. Бир жолу суу жээгинде жаңы эле ичилген арактын бөтөлкөсүн, суусундуктардын бөтөлкөлөрүн, желим баштык толо башка таштандыларды тазаладым. Таңгалдым, бир адамдар табиятта жакшы эс алып отурушкандыр, кооздукка суктангандыр. Анан акыл-эси бар адамдар ушунчалык сулуулукту булгап кетип жатканына кантип эле маани беришпесин, көзү көрбөсүн деп нааразы болдум. Топтошуп эс алып отургандарды көрсөм эле “таштанды таштабагыла” деп суранып жаттым.

Биздин табиятка дагы эле жапайы мамилебиз, табият өзү тартуулаган кооздукту жакшынакай пайдалана албай жаткан мажирөөлүгүбүзгө ичим ачышып кайттым.

Аскер Сакыбаева, журналист

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG