Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Сенин атаң - Дөнөнбай


Кыргызстан, Алай району. Илюстрациялык сүрөт.

Совет доорунда интернационализм ураанына жамынган оолукмалар иш жүзүндө орусташтыруу саясатын жүргүзгөн эле. Эми исламды бетке кармаган айрым обу жок фанаттар кыргыз рухун арапташтыруу эпкинине кабылтып койгонун билбей жатат.

Кыргызды Кудай тааныбай калабы?

Кечээ жакында бир таанышым балдары жөнүндө сөз кылып жатканда такыр башка ысымды кошуп айтты. "Ал ким?" - десем, экинчи уулум кыргызча атын китептегиге тууралап алмаштырып алган дейт.

- Кудай кантип эле өзү жараткан элдердин тилин түшүнбөй, арапчадан башка ысымдарды уккусу келбей калсын?! - деп уруштум.

"Фейсбуктагы" талкууга илинген роликте молдокелердин бири кыргызча Нурмат, Эрмат, Мамат ж.б. ысымдарды балдарга койбогула, анткени “-мат” деген бөлүгү арапчада “өлүмдү” билдирет дептир.

Чындыгында мунун эч бир эрөөн көргүдөй жери жок. Бул ысымдар кыргызча кылымдар бою ушундай айтылып, кийин калайыктын кат-сабаты ачылганда ушундай жазылып келген. Анткени биздин тилдеги төл сөздөрдө “х” тыбышы кездешпейт, аны “к” менен алмаштырышчу. Ал эми сөздөрдүн аягындагы жуп үнсүздөрдүн (“б - п”, “г - к”, “д - т”) жумшагы каткалаӊга өтөт.

Ошондуктан пайгамбардын урматына коюлган аттарды ар кайсы аймактарда ыӊгайына, көнүмүшкө карай Мукамбет (эркелетип айтылган варианттары – Мукан, Мукай, Мукаш), Мамбет, Мамат (Мамаке, Маман) деп айта беришкен.

Бул бир эле кыргыз тилиндеги өзгөчөлүк эмес. Башка элдерде да Махамбет, Мохаммад, Мехмед, Махмад, Магома, Магамед, Магомед, Магомет ж.у.с. ысымдар көп кездешет.

Малик доско каяша айтпаш керекпи?

Эми кыргызчаланган ысымдардагы “-мат” деген бөлүкчөгө кайрылалы. Албетте, бул “Мухаммад” дегендин жеӊилдетилип, кыргыздын көмөкөйүнө ылайыкталган формасы. Эшмат же Ташмат деп чакырганда дайым эле пайгамбарды эстей бербейбиз, мунун зарылдыгы да жок. Пайгамбар турсун, Кудайдын жүздөй ысымдарына байланыштырылган Рахман, Малик, Карим (Керим), Жапар ж.б. ысымдар кыргызча эмес, арапча таптак айтылса да, ар бир конкреттүү кишинин эстүүлүгүнө же эсерлигине жараша мамиле жасайбыз.

Раматылык Сабыр Иптаров “Ат – адамдын канаты” деген макалдын маанисин башкача чечмелеп, адамдын ысымы ага рухий жөлөк болушу мүмкүн дечү. Бирок “Жаман иттин аты – Бөрүбасар” деген какшык макалды да эстен чыгарбайлы.

Киши жакшы болсо, сыйлайбыз, жаман болсо, жектейбиз. Айга-күнгө жеткире мактачулар да, ашата сөкчүлөр да болот. Пайгамбарга же Манаска, Бакай, Кошой, Каныкейге, Чыӊгызга, Элмирбекке ж.б. аты уйкаш экен деп эле аяп отурбайт эч ким, айрыкча аты затына төп келбеген киши осол жосунга барганда.

Башкалардын көлөкөсүнө тон бычканды токтотолу

Совет доорунда биздин тилди сындырып, басмырлап, орус тилине тебелетүүгө далбаса кылгандар болгон. Политехникалык институттун окутуучусу Ракым Усубалиев эне тилде окуу китеп жазгандыгы үчүн улутчул деп куугунтукталган. “Родина” деген сопсонун сөз турса, неге кайдагы бир “мекенди” жазасыӊар деп кыргыз авторлорду омуроологон парттөбөлдөр чыккан.

Облустук гезиттер “Нарын правдасы”, “Ысык-Көл правдасы” деп атала баштаган. Интернационализм ураанына жамынган орусчулдар биздин тилдин колдонулуш чегин атайын тарыта берип, акыры жок кылууну көздөшкөн. Улуттар ортосундагы тилдик, маданий ж.б. айырма жоюлса эле коммунизмге кирип барабыз деп ойлогон баёолор да көп болгон.

Анын сыӊарындай, тили келсе-келбесе да арапчаны көбүрөөк аралаштырса, араптарды же пакистандыктарды туурап кийинсе эле бейишке белет алчудай ээликкендер көбөйдү.

Өзөккө доо кетпесин

Жакшы эле сөздөр башка тилде тескери маанидеги сөзгө үндөш угулган учурлар көп кездешет. Бир эле тилдеги, ал турсун уңгулаш сөздөрдүн контексттеги мааниси кескин айырмаланышы мүмкүн. Мисалы, Меккедеги атактуу Харам мечитинин маанисин биз “арам” деп түшүнбөшүбүз керек.

Бир эле тилдеги омонимдер (айтылышы окшош, бирок мааниси башка сөздөр) да бар. Сөздү сындырып, үзүп-жулганда такыр бөлөк, ал тургай уят, бузук маанидеги бирдемелер чыга берет. Минтип такмаза кылуунун кимге кереги бар?!

Маданий, диний, саясий карым-катышы бар башка элдердин сөздөрү өздөштүрүлгөндө, алар өзүбүздүн көмөкөйдөн айтылып, эне тилдин табиятына ылайыктап жазылышы кажет. Тилибизди башка тилдердин көлөкөсүндө калтырганга акыбыз жок.

Динге келсек, ал да максаттын максаты эмес, максатка жакындатуучу жолдордун бири катары гана мааниге ээ. Адамдын бул жарыктагы максаты – адам болуу, адам катары татыктуу, бактылуу жашап өтүү. Ар кайсыдан ашыкча коркуп элеңдебей, жеңил-желпи бирдемелерге азгырылбай, утурумдук саясий, идеологиялык ж.б. мүдөөлөрдүн эпкинине чарпылбай, рухий тамырынан ажырабай, өз башатын жерибей жашаганга не жетсин!

Ак эмгегиң менен тиричилик кыл, бирөөнүн акысын жебе, ушак айтпа, жалаа жаппа, киши өлтүрбө ж.б. эрежелерди көӊүлдөн чыгарбай, ишеничтүү жол менен жүрүүгө дин таяныч, тирек гана болушу керек. Бирок динди же ар кайсы саясий окууларды таяныч, каражат эмес, башкы максат деп билсек, анда адамзат коому тоталитаризмдин эң жаман түрүнө кептелет – мамлекетте залим бийлик орнойт, коомдо түрмөдөгүдөй “тартип” өкүм сүрөт.

Ошого жеткирбеш үчүн тизгин тартып, жоопкерчиликти ойлойлу. Аша чаппайлы!

Жолдош Турдубаев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG