Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:33

Айтматов менен Турсунзаде арабызда болгондо…


Ч. Айтматов жана М. Турсунзаде Кыргызстан маданиятынын Тажикстандагы күндөрүндө. 1976-жыл, Дүйшөмбү шаары.

Эгемендикке ээ болгондон кийинки отуз жыл аралыгында кыргыз-тажик элдеринин маданий байланыштары токтоп калды. Айрыкча чыгармачыл инсандарынын калыптанып келген алакаларынын үзүлүшү - улуу муундагы калемгерлерибиз карманып жүргөн бир туугандык мамиленин салкындашына алып келди.

Бул жагдай кечээки кандуу кагылышууга чейинки окуялардан да көрүнө баштаган эле. Тилекке каршы, эки тараптын бийликтери мунун алдын алуу үчүн биргелешип чара көрүшпөдү. Бул кайдыгерлик кечээки кандуу коогалаӊдын себептеринин бири болду.

Атаганат, бир туугандыктын жана достуктун чыныгы үлгүсүн көрсөтүп жүрүп ааламдан өткөн тарыхый инсандарыбыз – кыргыздын дүйнөлүк атакка ээ болгон улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен тажик элинин атактуу акыны Мирзо Турсунзаде арабызда болгондо, эки элдин ортосунда кечээкидей кандуу окуянын болушуна жол берилбесе керек эле. «Силер бир тууган элдерсиңер, бири-бириӊе ок атканга, бири-бириӊерди сыйлабаганга акыңар жок» дешип, эки тарапты теӊ тыйып коюшмак беле деген армандуу ой пайда болот экен.

Чыныгы сүйүүнү даңазалаган «Жамийла» повестин бир дем менен кыска убакытта сүйүп которгон, Айтматовду ар кайсы полемикаларда көрө албастардан күйүп-жанып коргоп жүргөн жана өмүр бою терең урматтаган Тажик Эл жазуучусу раматылык Фазлиддин Мухаммадиев көзү тирүү болгондо, Баткендеги чек арага топтолгон куралчан жердештеринин алдын тороп: «Бул элге ок атпагыла! Бул эл мен сыйлап урматтаган улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эли. Санирабига апабыздын кайын-журтуна кантип ок чыгарасыңар? Андан көрө мага ок чыгаргыла!» - деп айтаар беле…

Тажик Эл акыны Мумин Канаат
Тажик Эл акыны Мумин Канаат

Чыңгыз Айтматов менен абдан жылуу мамиледе болуп жүргөн, бийлик талаштын кесепетинен тутанган атуулдук согушта Бишкекке келип бир жылдан ашуун баш калкалаган Тажик Эл акыны Мумин Канаат деле тирүү болгондо: «Ой, жердештер, башыбызга оор күн түшкөндө кучагын кенен жайган, жергебизде тынчтык орношуна тарыхый салым кошкон бир тууганыбыздын жакшылыгына ушинтип жооп беребизби?» - деп, акыйкатты ошол акын айтаар беле…

Иши кылып, улуу инсандарыбыздын арбагы нааразы боло турган ушундай кайгылуу окуяларга жол берип жатканыбыз абдан өкүнүчтүү жана кечиримсиз.

Улуу калемгерлер Чыңгыз Айтматов менен Мирзо Турсунзаде жашап өткөн доордо алардын шарапаты менен кыргыз-тажик адабияттарынын достугу, акын-жазуучулардын алакалары абдан жакшы болгон. Ошолордун жетекчилиги астында эки өлкөдө маданият күндөрү өткөрүлүп турган. Адабият достугунун көпүрөсү болгон котормого өзгөчө маани берилип келиптир. Бул жагынан биздин калемгерлер өтө чоӊ иштерди жасаган экен. Мисал үчүн Фирдоусинин «Шахнаамасынан» баштап Саади, Рудакидей Чыгыш жылдыздарынын, Мирзо Турсунзаде, Садриддин Айни, Жалол Икроми, Фатех Ниязи, Фазлиддин Мухаммадиев, Мехмон Бахти, Рахим Жалил, Жума Одинаев, Саттор Турсун ж.б. авторлордун чыгармалары кыргыз тилинде жарык көргөн. Бул ишке мен да салым кошконмун.

Ал эми Айтматовдун көптөгөн романдары менен повесттеринен тышкары Аалы Токомбаев, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Кубанычбек Маликов, Муса Жангазиев сыяктуу акындардын ырлары, Түгөлбай Сыдыкбеков, Шүкүрбек Бейшеналиев, Өскөн Даникеевдей жазуучулардын романдары менен повесттери тажикчеге которулуп, китептери чыккан. «Манас» эпосу Айтматовдун сунушу менен тажик тилине которулуп, 1982-жылы жарык көргөн. Бул эки элдин акын-жазуучуларынын адабий карым-катышы, достук мамилесинин бийик деңгээлде болуп келгенин айгинелеп турат.

Солгундап кеткен маданий, адабий алаканы жандандыруу абдан зарыл болуп турат азыр. Бир туугандык сезимди адабият аркылуу жылытып, элдерди жакындаштырууга салым кошуу эки элдин тең калемгерлеринин ыйык парзы деп эсептейм.

Мирзохалим КАРИМОВ, жазуучу

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG