Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 23:10

Кара-Тегиндин жан күйөр уулу эле


Тайтөрө Батыркулов

Мен Жерге-Тал жөнүндө жаза турган болсом, Кара-Тегиндин тагдыры, тарыхы тууралуу айта турган болсом, эң биринчи бул аймакка, жалпы эле Тажикстанда жашаган кыргыздарга бүт өмүрүн арнаган айкөл инсан, асыл адам, чыгаан этнограф Тайтөрө Батыркулов жөнүндө айтуудан башташым керек эле.

Биз, тажикстандык кыргыздар үчүн рахматы Тайтөрө аванын жасаган иштери, сиңирген эмгеги опол тоодой орошон да, учу-кыйырсыз деңиздей терең. Ал киши жөнүндө жазылган жана мындан ары да жазыла турган эскерүүлөр топтому китеп болуп чыгат деп ойлойм.

Эгер жаңылышпасам, беш жашта болсом керек эле. Ошол жылы жайлоого чыкканбыз. Шагазы – үч тарабы бийик тоолор менен курчалган, малга жайлуу, жанга жагымдуу ажайып жайлоо. Мына ошол жайлоого келип, караган гүл ачкан кезде (жайлоолордо караган тээ жай чилдесинде гүл ачат эмеспи) Тайтөрө аванын бизди сүрөткө тартканы эсимде. Ошол сүрөт бүгүн да сакталып турат. Кошуналардын баары болуп чогуу түшкөнбүз. Мен энемдин жанында турам. Төш чөнтөгүмдө карагандын гүлү.

Менин айтайын дегеним, бул кишинин айылга же жайлоого келиши биз - жаш балдар үчүн эле эмес, кыз-келиндер үчүн да майрам болор эле. Анткени ал кезде айылдарда фотография жок болгондуктан, жалгыз гана Тайтөрө авага үмүт артышчу. Тайтөрө ава ар бир айылды, ар бир жайлоону жөө кыдырып, сүрөткө акысыз тартчу. Каалашыбызча сүрөткө түшүп алып, келерки жылы ушул мезгилди, Тайтөрө аванын келер мезгилин чыдамсыздык менен күтөр элек.

Бул кишинин өзгөчө касиети, эстутумунун өтө күчтүүлүгү азыр да мени таң калтырат. Кайсы айылга, кайсы жайлоого, кимдин үйүнө барбасын, ошол айылдын балдарынын атын кичинесинен чоңуна чейин бүт билчү. Айрыкча жаш балдарды өтө жакшы көрчү. Өзү кайда барса кошо алып жүргөн, дайыма жонунан түшүрбөгөн асынма кара сумкасы болор эле. Мага бул сумка кандайдыр бир табышмактуу, сырдуу туюлчу. Бул сумканын ичинде өзгөчө укмуш буюмбу, же башка бир нерсе бардай, көрүүгө балалык азгырылуу менен кызыкчумун.

Бир күнү, Тайтөрө ава сыртта жүргөндө ууруларча сумканын ичин аңтарып, жалаң кагаз, калемден башка эч нерсе таппай, көңүлүм сууганы эсимде. А өзү болсо тынымсыз бирдемелерди жазчу. Өтө көп жазчу. Ошондо биз менен камыр-жумур сүйлөшүп бир дасторкондо чай ичип отурган адам, керек болсо мени менен тамашалашып эркелеткен адам, биз сыяктуу эле жупуну кийинген жөнөкөй киши бүткүл дүйнөгө белгилүү "Вокруг света" журналынын кабарчысы экенин кайдан билдим дейсиң. Ошондо чырактын күңүрт жарыгында көз майын коротуп, тажикстандык кыргыздардын маданиятын, этнографиясын иликтеп, тактап, чогултуп кагаз бетине түшүрүп, кийинки муундарга баа жеткис таберик калтырып жаткандыгы түшүмө да кирбептир.

Тайтөрө Батыркулов – өзү Таластын Кара-Буурасында туулуп, ошол жердин суусун ичип эрезеге жетсе да бүт өмүрүн, күч-кубатын, илим-билимин Жерге-Талга арнаган адам. Этнографиялык эмгектеринде, макалаларында Жерге-Талды канчалык ачкан болсо, Жерге-Талдын шарапаты менен өзүн да ошончолук ачкан инсан.

Менимче Жерге-Талдын тарыхын, элдик оозеки чыгармачылыгын, салт-санаасын мындай койгондо да, анын тоолорун, сууларын, жайлоолорун, кокту-колотун, ой-кырын Тайтөрө авача билген адам жок. Керек болсо бул аймактын ар бир булагы, ар бир ташы, ар бир арчасы Тайтөрө авага тааныш. Анын өмүрү, баскан жолу, ишмердүүлүгү ушул булактардан, таштардан, арчалардан турат. Тайтөрө Батыркулов өткөн өмүрүн Кара-Тегинсиз элестете албагандай эле, биз дагы Кара-Тегиндин тарыхын гана эмес, анын келечегин да Тайтөрө Батыркуловсуз элестете албайбыз.

Анткени бул айкөл инсан «көрүнбөгөн колдору» менен ар бирибиздин дилибизге сепкен жакшылыктын үрөнү келечекте чынарга айланып, Жерге-Талды гүлдөтөрү шексиз. Жерге-Тал районунун борборуна бул кишинин эстелигин чылк алтындан тургузсак да аздык кылар эле. Тилекке каршы, аны мындай кой, кол жазмаларын китеп кылып чыгара албай уят болуп жатабыз.

Тажикстандагы кандуу кагылышууну, оор трагедияны Батыркулов эл менен тең бөлүштү, өзүнө да келген кырсык катары кабыл алды. Жетимиштен ашып, ал күчтөн тая баштаганына карабастан тажикстандык кыргыздар үчүн түйшүк тартып, президент Аскар Акаевге кирип жатып, кыргыздарды көчүрүп келүүгө себепчи болду. Андан кийин өзү үч жолу Дүйшөмбүгө барып, борбор шаардын чет-жакасында жашаган 115 үй-бүлөнү көчүрүп келди. Жаңы конуштан орун-очок алып, ыңгайлашып кетүүлөрү үчүн көп аракет жумшады.

Азыркы күндө сексенге жакындап калган аксакал авабыз дале болсо максатынан жазбай, каратегиндик кыргыздар тууралуу этнографиялык мазмундагы макалаларын байма-бай газеталарга жарыялап, эл аралык радио "Би-би-сиден" берип, күүсүнөн жазбай келет. Тайтөрө аванын болгон тилеги – бүт өмүрүн арнап, ийне менен кудук казгандай машакат менен чогулткан казынасы, баа жеткис рухий дөөлөтү – кол жазмаларын китеп кылып басмадан чыгаруу.

Бир өмүр бою издеп жүрүп калың элдин арасынан тапкан "алтын бүртүктөрүн" жалпынын энчисине берүү, бүткүл кыргыздын дасмиясына айландыруу. Ким билет, балким, күнүмдүк көр-тириликти эле ойлобой, түбөлүк кала турган руханий баалуулуктарга да кызыгып, демөөрчү болгусу келген ишкер азаматтар чыгып калаар…

Мен бул макаланы мындан туура жыйырма бир жыл мурда жазган экенмин. Ал кезде раматылык Тайтөрө ава кыйла күүлүү-демдүү эле. Бирок адам дегениң түбөлүк турбайт экен – ардактуу аксакал мындан бир топ жыл илгери, 92 жаш курагында бул жарыкчылык менен кош айтышты. Бейиши болгур Дүйшөмбү шаарында акка моюн сунуп, маркумдун сөөгүн ата-журтуна алып келүү эч кимдин түшүнө да кирбеди окшойт. Ошентип, өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн жашап өткөн тажик жергесинен маңги орун алды.

Тайтөрө Батыркуловдун көзү өтөр замат биз, белгилүү журналист, аксакалды жакындан тааныган Жолдош Турдубаев байке экөөбүз шашылыш кат даярдап, аттуу-баштуу интеллигенция өкүлдөрүнүн колун чогултуп, тийиштүү жактарга жолдодук. Тайтөрө Батыркуловдун кол жазмалары кечиктирилбестен жоопкер тараптарга өткөрүлүп берилсин, аларды тематикасы, мазмуну ж.б. боюнча иргеп-ирээттөө иштери жүргүзүлсүн, басмага даярдалып, китеп болуп чыксын деген талаптарды койгон элек.

Ошондо биз Тайтөрө аванын бүт өмүрүнүн маани-маңызын түзгөн кол жазмалары жоголуп кетпесе экен деп катуу кооптонгон болчубуз. Тилекке каршы, биздин кайдыгерлигибизден, жүр нарылыгыбыздан (орой айтканда, наадандыгыбыздан) ошондой эле болду. Көргөн-билгендердин айтымында, кап-кап болуп тизилип турган кол жазмалар өз убагында көңүл бурулбагандыктан, кийин табылбай калды.

Уурдалып кеттиби, отко каланып кеттиби, же башка болдубу – чыгаан этнограф, маданият таануучу, котормочу Тайтөрө Батыркуловдун алтынга алмашкыс кол жазмаларынын тагдыры ушул күнгө чейин белгисиз.

Тарыхтын жаңылыштыгы менен кайсы бир мезгилде өз мекенинен бөлүнүп калган бир ууч кыргыз билимден, маданияттан өксүбөсүн деп жан үрөп, өзү чуркап жүрүп райондун борборуна чет жакадагы балдар үчүн жатак мектеп курдурган, Кара-Тегиндин нечендеген улан-кыздарын өзү ээрчитип жүрүп борбордон окуткан Тайтөрө ава эле. Келерки жылы – ушундай асыл инсандын жүз жылдыгы.

Мындай чыныгы мекенчил адамдын маарекеси мамлекеттик деңгээлде белгиленсе жакшы болмок. Жок дегенде кол жазмалары табылып, китеп болуп чыкса, жалпынын энчисине айланса, раматылык Тайтөрө аванын арбагы эле ыраазы болбой, биз дагы маркумдун алдындагы адамдык парзыбыздан кутулмакпыз.

Аким Кожоев, жазуучу.

Редакция: Автордун жазуу стили сакталды.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG