Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:26

Кара-Тегин: Уул үйлөп, кыз узатуу шааниси


Кара-Тегин. Кештеленген кийим кийген кыз. Сүрөттүн качан тартылганы белгисиз.

Тажикстандын Дүйшөмбү калаасынан анчейин алыс эмес жерден Кыргызстандын Чоӊ-Алайына чейинки 150 чакырымдан ашуун аралыктагы өрөөн Кара-Тегин деп аталат. Бул өрөөндө кыргыздардын тажиктер менен илгертен бери чогуу жашаганы улуттук үрп-адатынын, каада-салтынын, тамак-ашынын, ал түгүл тилинин аралашып кетишине да таасирин тийгизген. Муну уул үйлөө же кызды турмушка чыгарууда эки элдин салт-санаасынын жуурулушуп кеткенинен байкоого болот.

Өрөөндө аралаш жашаган эки элдин арасында куда-сөөк болгондор көп. Тойду кимибиздин салтыбыз менен өткөрөбүз деп баш катырышпайт. Анткени, аларда илгертен жуурулушуп калыптанган орток салттары, тутунган расмилери бар. Бул макалада уул үйлөөгө, кызды турмушка чыгарууга байланышкан «Патаа той», «Шав той», «Асал той» деп аталган салттар тууралуу кеп кылынмакчы.

"Патаа той»

Кудалашкандан кийин уул тарап эл-журттан бата алуу ниетинде адегенде «Патаа той» деп аталган тамашалуу той берет. Бул маараке калктан чогултулган каражатка кооздоп курулган кыштактын чайканасында өзгөчө шаң менен өткөрүлөт. Той ээси тапкан-тарынган тамак-ашын дасторконго жайнатат. Кара мал же кой союлат. Чоӊ той алдындагы кичи тойго көтөрүңкү маанайда чогулган эл (жалаӊ эркектер) даам татып болгондон кийин дароо тарап кетпей, ордуларында олтурушат. Мааракенин экинчи бөлүгү башталып, сөзгө чечен, «каардуу» киши «паша» болуп дайындалат. Үйлөнүп жаткан жигитти төрдөгү булкунган падышанын жанына отургузуп коюшат.

Тажикстандын Жерге-Тал аймагындагы чайкана.
Тажикстандын Жерге-Тал аймагындагы чайкана.

Ошентип, «Патаа тойдун» кызыктуу тамаша сахнасы ачылат. Бийликке ээ болгон падыша сыртынан аябай «жаалдуу», аёосуз болуп алат. Падышанын тандап алган «вазирлери» да кармаганын карыштырган «чапчаӊ» жигиттерден болушат. Алар бир учу таштай түйүлгөн «дүрраларын» (жоолуктарын) бекем кармап, падышанын буйругуна даяр турушат. Азил-чыны аралаш тамаша ушундай тартипте башталып, падыша бийлигин жүргүзүүгө киришет.

- Анавы башыны салваӊдатып отурган мардакти (жигитти) буякка тарткыла! - дейт падыша кабагынан кар жааган түр менен «вазирлерине» каардуу буйрук берип.

Жеңдери түрүлгөн «вазирлер» аты аталган адамды колдорун артка кайрып, ошол замат падышанын алдына бөкчөңдөтүп келип тизелетишет.

- Эй, мардак, саңа бул «илфатчлик» (көӊүл ачуу кечеси) жаквай жатавы?! - деп сурайт падыша «гүнагарга» (күнөөлүүгө) каардуу үн катып.

- Ёк, падыша, маңа жүдаям жагат да - деп, «гүнагар" киши эки колун бооруна алып, «бечара» кейипте жооп берет үтүрөйүп.

- Ондой болсо неге кавагыңды салып отурасыӊ? Же падышаны назарга алгың келвей жатавы?

- Хеч ондой ойловоңуз, падыша азим. Маңа хаммаси жагат деведимби, - дейт "гүнагар" киши улам-улам таазим кылып.

- Ёк, бу «гавиңа" (сөзүңө) хеч ишенбейвиз, - падыша жок жердеги күнөөнү «гүнагардин" моюнуна коюп, андан кутулуунун шартын айтат: - Падышанын хазнасы азайып турганын фаамдагындырсың. Ого кошумча кылышың керек сен дагы. Уктуңбу? Эми нарыраак баргын да, жакшылап ойлонуп кел! - дейт «жаалданып».

"Гүнагар" киши артка кетенчиктеп, чөнтөгүн чукулап калат. Ал келгенге чейин «вазирлер» кезектеги «гүнагарди» дегдеңдетип келишет падышанын алдына. Кээ бир «найраңбоз» (тамашакөй» куудул адамдар мааракени кызытуу үчүн калп эле «вазирлерге» баш ийбей каршылык көрсөтө баштаганда, падыша ого бетер түтөп:

- Ох-хоо, ол моюну жогондун далисиге үчтү келгиле! Ушар кылгыла (эсине келтиргиле)! - деп кыйкырып жиберет «вазирлерине». Алар моюн сунгусу келбеген күнөөкөрдүн далысына «дүрралары» менен күпүлдөтүп урганда, эл каткырып күлүп, көңүлдөрү көтөрүлө түшөт.

Ушундай тартипте өтүп жаткан тамашалуу тойдо «күнөөлүүлөр» «новат» (кезек) менен падышанын алдына тартылып, казынага ар бири салым кошот. Казынага топтолгон каражат үйлөнүп жаткан жигитке тапшырылып, аягында эл ак батасын берет.

«Патаа той» мына ушундай максатта өткөрүлөт. Жардам катары бериле турган бул каражатты айыл аксакалы элге жар салып, жөн-жай жыйнаса деле болот. Бирок каратегиндиктер аны көңүл ачууга, оюн-күлкүгө айландырып, салт катары сактап келишет.

«Шав той»

«Шав той» (ир. шаб – түн) түнкү же кечки той дегенди туюндурат. Үйлөнүп жаткан жигиттин үйүндө жоро-жолдоштору, алыс-жакын туугандары, кесиптештери, айтор көбүнесе жаштар чакырылып, өткөрүлө турган кече десе да болот муну.

Бул күнү жасалгаланган кең бөлмөдө дасторкон жайылат. Кой союлуп, даамдуу тамактар даярдалат. Чакырылган ырчылар ырдашат, бийчилер бийлешет. Үйлөнүп жаткан жигиттин бактылуу болушун тилеген жылуу сөздөр, жакшы каалоолор айтылат. Олтургандардын ар бири эреже боюнча өнөрүн көрсөтүшү, жардам катары жыйнала турган каражатка салым кошушу шарт. Кечеге кыз-келиндер катышпайт.

«Асал той»

«Асал той» (ар. асел – бал) – бул уулун үйлөп же кызын турмушка узатып жаткан адамга тууган-уруктары, жоро-жолдоштору, жакын достору тарабынан башкалардыкынан өзгөчөлөнгөн баалуу белек, той өткөрүүгө кошумча иретинде тартуулана турган жардам. «Асал той» канчалык көп, канчалык баалуу болсо, той ээсине ошончолук жеңил болот. «Паланча досунун тоюна кой же бодо мал жетелеп келиптир» деген сыяктуу даңаза сөздөр айтылат тойдон кийин. Айтор, «асал тойду» берген адамдын да, алган адамдын да эл арасында мартабасы көтөрүлөт.

«Патаа той», «Шав той» өткөрүлгөндөн кийин уул тарап менен кыз тарап белгиленген күндө өтө турган чоң тойго камынышат. Уул тарап жуучулук маалындагы макулдашуу боюнча тойго сарпталуучу мал-мүлктү, азык-түлүктү кыздын үйүнө жеткирет. Кыз тарап кыздын себин камдайт. Ар түркүн кездемелерге мурдатан кештеленген жүкалдыз, терезе парда, көшөгө ж.б. чоӊ бөлмөгө каз-катар илинет. Жаңы кабылган көрпө-төшөктөр, саймаланган жаздыктар ирети менен кыналат.

Каратегиндик аял.
Каратегиндик аял.

Той күнү кыз көшөгө тартылган бөлмөгө киргизилет. Кештеленген ажайып көйнөктөрүн, чыптамаларын кийип, моюндарына «ит тамандарын» тагынган курбулары жасанып келип анын жанына отурушат. Той аяктап калган маалда абройлуу эркектердин бири келин отурган бөлмөдөгү көшөгөгө жакын келип, «ника байлоого» (нике кыюу дегени) киришет.

Көшөгөнүн сыртынан туруп кызга жумшак үн менен: «Ушу жигитке навсиңди бердиӊби?» деп сурайт. Каада боюнча кыз дароо эле «ооба» деп айтпайт. Уялып-кысталат. Назданат. Көпкө чейин демин ичине катып турат. Нике байлоочу киши бул суроону улам-улам кайталап, жооп күтүп тура берет көшөгөнүн алдында. Көшөгө ичиндеги курбулар кызды «макул бол» деп кысташат.

Кыз арадан бир кыйла убакыт өткөндөн кийин «макулмун» деп айтат элге угузуп. Уккан кулак буга күбө болот. Үйлөнүп жаткан жигит да макулдугун айткандан кийин «ника байланды» деп эсептелип, эки жаш баш кошот.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG