Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 28-январь, 2020 Бишкек убактысы 11:12

Кыргыздардын Кара-Тегинге барышы


Мирзохалим Каримов.

Кыргыздар Кара-Тегинге качан, кантип барып калган?

Тарыхчыларды көптөн бери ойлондуруп келаткан бул илимий суроого жооп издөөдөн мурда «Кара-Тегин» деген сөздүн маанисин туюндурган тарыхый легендаларга астейдил көңүл буруп, азыноолак түшүнүк алганыбыз оң.

Таанымал тарыхчы Н.А. Кисляковдун Кара-Тегиндин тарыхы боюнча жүргүзгөн изилдөөсүндө кызыктуу маалыматтар топтолгон. Ал Кара-Тегинде жашаган кыргыздар менен тажиктердин тарыхый маалыматтарын жыйнагандан кийин бул аталыштын пайда болушун төмөндөгү легендага байланыштырган.

Анда Кара-Тегинге алгачкылардан болуп Тегин ата деген көчүп келген деп айтылат. Тегин атанын Сайрам ата жана Олуя ата деген эки бир тууганы болуптур. Тегин ата өзүнүн кыргыз жанан тажик мүрүттөрү менен келип, бул өрөөндү бир нече жыл бийлеген. Кийинчерээк Кара-Тегинде жугуштуу оору күчөп, эл боо түшөт. Бул эпидемиядан аман калган саналуу гана адамдардын арасында кудай жалгап Тегин атанын уулу Кара да аман калат. Ал Тегинай деген тажик кызга үйлөнүп, кыргыз жергесинен жаңы үй-бүлөлөрдү көчүрүп келгени, бийлик кылуучунун жана анын өмүр жолдошунун ысымдары биригип бул өрөөн «Кара-Тегин» деп атала баштаганы баяндалат.

Кара-Тегин өрөөнү Памирдин түндүк-чыгыш бөлүгүн ээлеген Сурхоб-Вахш дарыясын бойлогон аймакты туюндурат. Тактап айтканда, Жерге-Тал районунун кыргыздар жыш отурукташкан Сарыг-Ой, Кичи-Карамык айылдарынан тартып Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбү шаарынын чегине чейинки 300 чакырымдан ашуун аралыкты камтыган бийик тоолуу, суусу мол өрөөн.

Ыр түрүндөгү дагы бир уламышта мындайча айтылат:

Казак кайың сааганда,

Кыргыз барып Ызарга,

Туш келиптир ошерге,

Башка жер жок сызарга.

Ар кимиси сув бойлоп,

Өргө тарта конуптур.

Кара деген кыргыздын,

Боз уланы болуптур.

Болуптур сулув тажик кыз,

Карагаттай көзү бар.

Онун аты Тегина,

Аппактыгы окшойт кар.

Эки жактан той берет,

Кызга, кыргыз балага.

Эстүв, сулув, Тегина,

Кошулуптур Карага.

Тажикстандык кыргыздардан чыккан абройлуу тарых мугалими, өз демилгеси менен жергеталдык улутташтарынын тарыхый-этнографиялык музейин уюштурган Хамид Боронов кыргыздардын Кара-Тегинге качан, кайдан келгени тууралуу пикири төмөндөгүдөй:

«Бул суроого негизги жазма булактардан так жооп табыш кыйын. Себеби, атактуу тарыхчы Бартольддон баштап ушул күнгө чейинки тарыхты жазгандар ишенимдүү түрдө далилдеп көрсөтүшкөн эмес. Бул тууралуу жергиликтүү кыргыздардан чыккан алгачкы жогорку билимдүү тарыхчы, Тажикстандын тарыхын жакшы билген маркум Бурхан Батыров мындай деген эле: «Мага менин 90 жаштагы чоң энем (анда мен 12 жашта элем) айткан, чоң энеме өзүнүн чоң энеси: «Мен 14-15 жашымда келин болгонумда «Балх хандыгынан» көчүп келип, эки дарыянын кошулушундагы «Чат» деген жерге отурукташкан соң, азыркы Балх кыштагы пайда болгон» деп айткан экен».

Бул айтылгандарды сайроондук Хикмат Адинаев ж.б. улуу муундагы карыялар да ырасташкан. Эгер ушул божомолго таяна турган болсок, анда кыргыздар Кара-Тегинге мындан 350-380 жылдай илгери келген деген түшүнүк пайда болот. Ал эми Кыргызстандын тарыхында болсо кыргыздар Кара-Тегинге Чоң-Алай аркылуу 1635-1636-жылдарда өтүшкөнү айтылат. Уламыштарга жана элдин сөзүнө караганда бул чындыкка дал келбегенсийт. Ушундан улам тарыхка, уламыштарга кайра-кайра ой жүгүртүп изилдөөгө туура келет.

888-жылы тажик улутунун өкүлү Сомондун бийлиги Орто Азияга орноп, 999-жылы түрк урууларынан турган караханиддер тарабынан кулатылган. Караханиддер 1129-1130-жылдарга чейин бийлик жүргүзгөн. Бийлик улам алмаша бергендиктен кыргын көп болуп, согуштан тажаган кыргыз урууларынын бир тобу Хожент аркылуу көчүп, түндүк-чыгыш Ооганстандын Мазари-Шариф калаасына жакын жердеги Балх хандыгына кошулат да, ошол өрөөнгө жайгашат. Тарыхта бул «XIII кылымдагы элдердин улуу жылышы» деп аталат экен. Кыргыздардын Кара-Тегинге келиши ушуга дал келет. Муну кыргыз энелердин ошо кездеги кайгы-муңун чагылдырган төмөнкү ыр саптар да тастыктайт болуш керек:

«Короосу менен кой калды,

Үйүрү менен уй калды.

Келберсиген Ысык-Көл,

Кең Сары-Өзөн Чүй калды»...

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (9)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG