Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Баланы туура тарбиялоо оңой эмес


Кыргызстан. Баланы бешикке бөлөө.

Бала тарбиялоо темасы көптөн бери ойлонтуп келет. Убагында жасалбаган иштерге өкүнгөн учурлар да көп.

Азыркы кездеги балдарды тарбиялоо менен мындан 30-40 жыл мурдагы өзүбүздүн балалык кезде ата-энебизден алган тарбия, биздин аларга мамилебизди салыштырам. Өмүр бою эстен чыкпай калган учурлар, айрым таарынычтар эске түшөт.

Дегеле, кыргыз үй-бүлөдө ата-энеси балдары менен ачылып-чачылып сүйлөшкөн учурлары, сырдашкан кездери аз болот окшойт. Айрыкча бир үй-бүлөдө 7-8 же 10-12 бала болсо кайдан, ата-эненин шаасы деле жетпей калат. Себеби, күнүмдүк тириликтен кол бошобойт.

Өмүрдүн ортосуна келгенде баштан өткөн кандай окуялар жылуулук тартуулап, туугандык жакындыкты сездирип турат деп ойлонот экенсиң. Мага дайыма атамдын кечки тамактан кийин төшөккө жатып алып, баарыбызга үн чыгарып китеп окуп бергени жакчу, ушунчалык жылуулук менен эстейм. Бардык бир туугандарым, апам, чоң апам болуп атамдын жомок же башка китептерди окуп бергенин укчубуз. Мен улуу эжемди бекем кучактап, анын жылуулугун, жакындыгын китептеги сөздөр аркылуу сезип тургандай болчумун.

Куйручуктун окуялары тууралуу бир китеп бар эле, атам ошондогу анын сүйлөгөн сөзүн кырааты менен сонун окучу. Ушундай учурлар биздин үй-бүлөнүн абдан бактылуу кездери болгон экен. Калган учурда атам колхоздун жумушунда болор эле. Апам болсо үй толо балдардын курсагын тойгузуу, кир жуумай, малды кароо, ала кийиз, шырдак жасоо, деги койчу түмөн түйшүктөн башы чыкчу эмес. Азыр ойлосом, апам турмушка 18 жашында чыгып, удаа-удаа балалуу болуп, абдан эле кыйналган экен. Мындайда ар бир баласынын курсагы ток, кийими бүтүн экенине эле ыраазы болбоско аргасы калбаса керек. Ушул себептүүбү, апам менен абдан жакын болгон учурум негедир эсте жок.

Ар бир балага көңүл буруп түшүнө билүү, өспүрүмдүн өткөөл курагы келет, ошондо ага абайлап мамиле кылуу керек дегенди мен шаарга келгенде уктум. Жашырганда эмне, бала кезде көп токмок жегем. Өткөөл куракта деле токмок менен жинибиз кагылган окшойт деп ойлоп калам. Азыр бала 12 жаштан өтсө эле болду, “өткөөл куракта ушундай болот, катуу айтпа, басып кетет, муунуп калат” деп эле тыйган ата-энелерди да, мугалимдерди да көп учуратам. “Жаман айтпай жакшы жок” деп айласыз өзүң да тыйыласың.

Жакында бир психолог менен маектешип калдым. 8-9-класстарда окуган өспүрүмдөргө кандай мамиле кылуу, канткенде урушпай тил табышуу тууралуу сүйлөштүк. Баланы уга билүүнүн бир топ пайдалуу жактарын айткан соң, туура кеңештерди берди.

Бирок жеке байкоомдо азыркы балдар абдан өзгөрүп бара жатышат, психологдор да андай өзгөрүүнү терең изилдеп үлгүрө албай жаткандай. Психологдор өткөөл курактагы балдарга туура мамиле жасоо тууралуу көп айтышат. Менин байкоомдо, азыр шаардык балдардын көпчүлүгү ата-энелеринин эрки менен гана болуп келе жатышат. Онлайн окуу дагы балдарды өз чөйрөсүнөн абдан алыстатып салды.

Азыркы өспүрүмдүн колунда эртеден кечке телефон, үйдөн чыкпайт. Кечке жайлуу үйдө жатып телефондогу оюндар, андагы өз дүйнөсү менен алек. Кепке тартып сүйлөшүү оор. Анткени, ал унчукпаганга көнүп калган. Ата-энеси менен деле эч кандай карама-каршылык жок. Бар деген жагына барат, кыл деген ишин кылат, башка учурда өзү менен өзү. Ушундай көрүнүштү көп байкадым. Азыркы балдарды социалдык чөйрөгө аралаштыруу маселеси психология изилдей турган чоң тармак болуп калат го деген ой келет.

Кышында ден соолукту чыңдоочу залга барып калдым. Бир жаш келин 12-13 жаштардагы баласын кошо ала келип, чуркай турган спорттук жолчого салып койду. Бала беш мүнөткө жетпей акактап токтоп калды. Энеси эми аны бастырууга өттү, бирок ал темп менен баскандан да кыйналып жатты. Көрсө, бала кечке үйдө жалгыз, энеси жумушта. Балада такыр кыймыл жок, тиктегени телефон. “Баса албай да калыптыр, биякка араң сүйрөп келдим” дейт келин. Сүйлөшсөк, баласы жумалап эшикке чыкпайт экен. Кээде эле таштанды ыргытканы чыкпаса, дээрлик үйдө. Достору менен телефондон гана жазышат, сырткы дүйнө менен байланыш ушул. Бул көрүнүш мени катуу ойго салды. Чындап келсе, бизде деле акыбал ошондой.

Илгери бирөөнүн “балдар чыйрак болуп, тезирээк өз алдынча жашоосу үчүн өлүп эле калыш керек окшойт” деп абдан кейигенин уккам. Азыркы балдардын өз алдынча болушу чынында маселе.

Өспүрүм балаң болсо ага колдон келишинче жакшы тарбия берип, туура жол менен кетишине аракет кылат экенсиң. Көп мотивация бере турган китептерди өзүм окуп чыктым, балама сатып бердим. Бирок ал китеп окубайт. Аябай суранып, кайра-кайра айтып жатып бир-эки китеп окуттум. Азыр студент болуп калган кызым “мен кичине кезимде китепти аз сатып бердиңиз, бир жомок китепти жети-сегиз жолудан окуп чыкчумун” дегенин эстесем, азыр да жаман болом. Чынында жаш кезде бала тарбиялоого, бардык нерсени өз убагында жасоону ойлонбойт экенбиз. Эми китеп толо, окуган бала жок.

Кесип тандоо жаатында көп сүйлөшүп, баланын өзүнө гана туура келе турган жолун табууга жардам берүү да оңой эмес. Мындайда ата-эне бир кезде өзү жетпей калган максатына баласы жетсе деп, баласы эмес, өзү жактырган кесипти баласына таңуулоо коркунучу дайыма турат.

Кийин өкүнүп калбасам экен, азыркы жасаганым туура болсо экен деп, баласы эс тартып калган ар бир ата-эне санаага батат. Бир кезде баланын курсагы ток, кийими бүтүн болсо болду да деген эле түшүнүк болсо, эми баланын ден соолугу, адамдык жакшы сапаттар менен калыптанып бой жетиши психологиялык абалы, азыркы санарип замандын талаптарын өздөштүрө алуусу, кесибин туура тандоого жардам берүү, дагы башка толуп жаткан ойлор санаадан кетпейт.

Бир кездеги менин балалыгым менен азыркы балалыкты салыштырып, айырмачылыгына таң каласың. Дүйнө эле эмес, балдар да абдан өзгөрүп жатышканы көз көрүнөө. Бирок кандай жагына өзгөрүп жатышканын билбегендиктен тынчсызданабыз.

Аскер Сакыбаева, журналист

Эскертүү: Автордун ою “Азаттыктын” көз карашын чагылдырбайт

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG