Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 05:36

«Өзүн башкара алган адам маселени оңой чечет»


Дөөлөткан Кабыкова.

Учурдагыдай каат кырдаалда дүрбөлөңгө түшкөн, нес болгон адамга кантип жардам берсе болот? 

Бүгүн балдардын жан дүйнөсүн жабыркатпай кантип тарбиялоо керек? Бул суроолорго Ош шаарындагы «Нейролайф» эмканасынын психологу Дөөлөткан Кабыкова жооп берди. Аны менен жазуучу Аким Кожоев маектешти.

Бул күндөрдө ЖМК, Интернеттен күндө суук кабарлар тарап, көпчүлүк эл дүрбөлөңгө түшүп жатат. Адамдар карайлап калуудан кантип сактана алат?

– Азыркы шартта психолог катары мен өзүм, дегеле бардык психологдор төмөнкү сунуштарды айтып жатабыз. Биринчи кезекте маалыматты талдап, тактап, таразалап кабылдаш керек. Себеби, элди дүрбөлөңгө түшүрүп жаткан негизги факторлордун бири – Интернет айдыңында ар кандай маалыматтардын өтө көптүгү. Ошондуктан колдон келишинче расмий, текшерилген фактыларга таянган гана маалыматтарга көңүл буруу керек. Өзүңүздүн эмоционалдык абалыңызга байкоо салып, тескеп турганга аракет кылыңыз.

Коркуу, кыжаалат болуу сезимдеринин биздин жан дүйнөбүздү ээлеп алышына жол бербеш керек. Болбосо абалды туура баалай албай, туура чечим чыгара албай калабыз. Кыргызда коркконго кош көрүнөт дейт. Ашыкча корккондо канда кортизол деген гормон көбөйүп, адамдын аң-сезимин огобетер дүрбөлөңгө түшүрөт. Маселебиз ого бетер чаташып, чиеленишип кетет. Иммунитетти начарлатат. Ал эми ар кандай кырдаалга акыл калчап, токтоо, сабырдуулук менен мамиле кыла турган болсок, жүрөгүбүз дагы, мээбиз дагы ойдогудай иштеп турат.

Негизи ар кандай эле кыйынчылыктан чыгуунун жолу табылбай койбойт. Жараткан өзү маселени бергенде, анын чечимин дагы кошо берет. Биз дүрбөлөңгө түшүп, анын чечимин көрбөй калабыз же туура эмес чечим кабыл алабыз. Ошон үчүн сабырдуулук менен, фактыларга таянып, маселеге (каалагандай маселеге, бүгүнкүдөй пандемия учурунда деле, жай турмушта деле) коркпой, дүрбөлөңгө түшпөй, иликтеп, териштирип мамиле кыла турган болсок, чечими дагы жанында турганын көрөбүз.

- Абалга байланыштуу аргасыз ишсиз калгандар көбөйдү. Алар эмне кылышы керек?

- Өзүн-өзү тартипке чакыруу, тескөө деген нерсе бар. Карантин учурунда адам үчүн эң эле кооптуусу – эч бир жумуш жасабай бекер отуруу. Себеби, өзүнө иш пландаштырбаган адам эртеден кечке эмне кылат? Албетте, көбүнчө Интернетте отурат. Андан пайдалуу нерселерди көрбөй, дагы эле ошол жаман маалыматтарды, көбүнчө ушак-айыңдарды көрөт, угат. Телевизордо адамдын психикасын буза турган көрсөтүүлөр, кинолор абдан көп, ошолорду көрөт. Мунун айынан адамдын мээси мурдагыдан да көбүрөөк чарчайт.

Өзүн-өзү тескөө кишинин өзүн-өзү башкарып, убактысын коротпой, туура пландоосу керек дегенди билдирет. Мындай учурда, албетте, мурда убактысы жетпей жүргөн иштерди (үй иштеринен бөлөк) биринчи планга коюу шарт. Мындан тышкары, өзүнүн кесиптик, болбосо рухий-маданий жактарын өстүрүш үчүн аракет жасашы абзел. Жөнөкөй иш күндөрү андай нерселер үчүн биздин убактыбыз тартыш эмеспи: жумушка барабыз, кайра келебиз, тиричилик кылабыз дегендей. Буга чейин окуганга убакыт таппай жүргөн китептерибизди окусак болот.

Эгер аялдар тикмечиликке кызыкса, үйрөнсүн, жаштар тил үйрөнөм десе, Интернеттин ошондой керектүү жактарын пайдалансын. Ошентип, өздөрү мурда кылгысы, жасагысы келип, бирок колу жетпей келген нерселерди күн тартибине киргизип койсо болот. Спорт менен машыгып, эркек кишилер үйдө күнүмдүк жасап жүргөн иштеринен сырткары ар түрдүү өнөрлөрдү, мисалы, устачылыкты үйрөнсүн. Кыскасы, адам ар бир күнүн сөзсүз пландап, белгиленген иштерди так аткарганы оң.

- Коркпогула дейбиз, бирок өтө эле бейкапар жүргөндөр көп...

- Ырас, кооптонуу сезиминин жакшы жактары да бар. Ал этият болууга, жаңылып калбоого, мисалы, илдетти жуктуруп алуудан сактанууга түртөт. Азыр санитариялык-гигиеналык эрежелерди, медиктердин талаптарын аткарууну кичинекей балдар да жаттап албадыбы.

Тилекке каршы, азыр биздин элде өзүн-өзү тескөө маданияты начар экени байкалат.

Албетте, өкмөттүн милдеттери да бар, бирок мен психолог катары ар бир адамдын өзү жасай турган нерселерге басым жасап жатам.

Ар бирибиз өзүбүздү тескей билгенибизде, ар бирибиз өзүбүзгө так болгонубузда, учурдагы көйгөй мынчалык даражага жетмек эмес. Эгер ар ким өзүн теске салса, тартипти сактаса, үй-бүлөлүк маселе да, дүйнөлүк маселе да, анын жеке маселеси да оңой чечилет.

Эми да кеч эмес. Мындан ары да ар бир киши өзү, үй-бүлөсү менен тартипти үйрөнсө, бул оор абалдан тез арада чыгып кетебиз.

Адам катуу коркуп, эсеңгиреп калганда ага көрсөтүлө турган алгачкы психологиялык жардам кандай болушу керек?

– Биринчи жардам бере турган киши, ал психологбу, досубу, тууганыбы, өзүн жоготуп койбошу керек. Катуу корккон абалды психологияда курч стресс дейт. Бул күтүлбөгөн катуу окуядан (авариядан, апааттардан, жакын кишисин капыстан жоготуп алгандан) психологиялык жактан жабыркап калганда болот. Ал адамдын абалын көрүп, жанындагы адам да ага кошулуп ыйлап, калтырап-титиреп турса, жардам бере албайт. Андай учурларда психологдор дайым эле ал кишилердин жанында боло бербейт. Айрыкча биздин Кыргызстандын шартында. Атүгүл кээ бирөөлөр ушундай кырдаалдарда көмөк көрсөтө турган психологиялык кызматтын бар экенин да билбейт.

Курч стресске кабылып, карайлап турган адамды эч качан жалгыз калтырбоо керек. Жанында дайыма кимдир бирөө болушу шарт жана ал кишинин эмнеден коркуп жатканын, жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын, арыз-арманын сөзүн бөлбөй уга билүүгө тийиш. Ошондой учурда андай киши акыл-насаат айткан эмес, сөзүн уга турган адамга көбүрөөк муктаж болот. Ыйласа дагы, туура эмес сүйлөсө дагы, акырына чейин угуп, анын жан дүйнөсүндөгү оор жүктөн бошонушуна көмөк көрсөтүшүбүз зарыл.

«Ушундан да коркосуңбу, кээде ушундай болот да, бул бир эле сенин башыңа түшүп жаткан жок го», – деп жубатышыбыз керек. Анын көңүлүн чөктүрүп, капа кыла турган сөздөрдү айтпашыбыз керек. Ал адам сиздин боор ооруп, чындап жардам бергиңиз келерин, анын абалын түшүнүп жатканыңызды сезгендей болушу шарт. Сен жалгыз эмессиң, бул маселе сөзсүз чечилет, бир баарыбыз сага жардам беребиз, жакындарын айтып, ошолор бар деп, психологго алып барганга чейин аны жалгыз калтырбай, колдоп-кубаттап туруш зарыл. Ал эми психологго алып баргандан кийин албетте, психологиялык, кейипкөй жардамды биз, психологдор беребиз.

Бүгүнкү жагдай айрыкча жаш балдарга оор тийип жатат. Мурдагыдай ээр-эркин ойной албай, сейил бактарга, көңүл ача турган атайын жайларга бара албай калышты. Аларды азыркыдай калаймандуу шартта жан дүйнөсүн жабыркатпай кантип тарбиялайбыз?

– Чындыгында азыркы пандемия кырдаалында чоңдорго да, балдарга да аябай кыйын болуп жатат. Бул кандай балээ? Бул эмне болгон жана кандай апаат, мындан качан кутулабыз деген сыяктуу суроолордун айланасындагы белгисиздик, коркуу сезимдери балдардын гана эмес, чоңдордун да эсин эки кылды. Балдардын жан дүйнөсү жабыркабашы, алардын дили оорубашы үчүн ата-энелери, ага-эжелери, башкача айтканда, жаш балдарга ким жоопкерчиликтүү болсо, ошолор кам көрүшү абзел.

Арийне, азыр мурдагыдай эркиндик, жайкы лагерлер жок, сейил бактарга бара алышпайт. Кайсы бири жер үйдө, дагы башкалары батирлерде дегендей, сыртка чыга албай камалып калды. Бирок үйдөгү чоң кишилер, айрыкча ата-энелер дүрбөлөңгө түшпөй, балдардын келечегине жоопкерчиликтүү экенин сезип, өздөрүн туруктуу, сабырдуу кармап, жогоруда айткандай, өзүнүн күнүмдүк турмушун азыркы шартка ылайыктап пландаштыргандай эле, балдардын жашоосун дагы пландаштырышы керек.

Балдарды алаксытыш үчүн, камыктырбаш үчүн үйдө да шарттар бар. Ошол эле Интернеттеги, телевидениедеги пайдалуу нерселерди колдонсок болот. Окууну да, оюнду да түрлөнтүп, баланын шыгына жараша ийкемдүү жүргүзүп, алгылыктуу ыкмаларды таап, балабыздын жашына, мүнөзүнө, кылык-жоругуна жараша китептерди окуп берип же окутуп, мультфильмдерди же башка тасмаларды көрсө эң сонун болот. Мына ошентип, өзүн-өзү тарбиялоону биз балдарга да үйрөтөбүз.

Мисалы, кичинекейлерге алардын жашына карап план түзүп, оюн-зоок уюштуруп, китеп окуп же жомок айтып бериш керек. Чоңдор балдарга кошулуп ойносо, андан да жакшы болот. Балдардын жан дүйнөсү ушунчалык аруу, таза – эгер сиз чын дилиңиз менен план түзүп, аны балдар менен чогуу аткарып, ойноп, жомок айтып, окуп, балдардын кызыгып жүргөн нерселерин үйрөтсөңүз, өзүңүздүн дагы жан дүйнөңүз тазаланат. Эң башкысы, бала менен жоготуп койгон байланышты кайра калыбына келтиресиз.

Ата-энелер баарыбыз балдар үчүн жашайбыз дейбиз, бирок биз муну жакшы бала бакчага берүү, жакшы мектепте окутуу, жакшы кийиндирип, жакшы тамактандыруу деп түшүнөбүз. Жок, баланы тарбиялоо үчүн булар эӊ башкы шарт нерсе эмес. Мага келген өспүрүмдөрдүн арасында: «Ооба, ата-энем жакшы жерде иштейт, мени жакшы окууда окутат, атүгүл 16-17 жашымда мага машине алып берип койгон, бирок ошо машинесинен көрө мени менен көбүрөөк сүйлөшсө болот эле…», – деп ыйлагандары бар. «Апаң сени акыркы жолу качан өптү, атаң сени качан бооруна кысты?» – деп сурасаң, ошону эстей албайт. Жок, азыр жөн эле алаксытуу менен ата-энелик парзыбыздан кутулбайбыз.

Бүгүнкүдөй кырдаалдарда балдарыбыз чөкпөшү, чүнчүбөшү жана жашоого ишеничин жоготпошу үчүн биз аларды чыйралтып, кайраттандырышыбыз керек, балдарга өзүбүз үлгү, өрнөк болушубуз абзел.

Ал эми тарбия деген бул тек талап кылуу эмес, тарбиянын негизинде мээрим чачуу турушу керек. Эмне үчүн балдар карантин учурунда «мектепти сагындым, бала бакчаны сагындым» деп ыйлады? Себеби, кээ бир ата-энелер өздөрүнүн балдарын ошол тарбиячылар, мугалимдер сүйгөнчөлүк сүйүшпөйт да. Мына эми ошол сүйүүнүн, ошол мээримдин ордун толтуруңуз. Балким, Кудайым бул сыноону атайын ошон үчүн берип жаткандыр.

Маектешкен Аким Кожоев

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG